Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Украина: Беш киши каза болду, Зеленский Харьковдо абал көзөмөлдө, бирок турукташа электигин айтты


Харьков. 2024-жылдын 17-майы.
Харьков. 2024-жылдын 17-майы.

Украинанын төрт облусунда соңку бир сутка ичинде Орусиянын чабуулдарынан беш киши каза болгонун, 15 киши жараат алганын 19-майдын таңында жергиликтүү администрация башчылары билдиришти.

Каза болгондордун экөө Херсон облусунда, бирөө Донецкиде, дагы экөө Харьков облусунда экени, Запорожье облусунда бир нече киши жараат алганы, үйлөр жана мекеме имараттары талкаланганы, Днепропетров облусунда электр зымдары, суу түтүктөрү жарактан чыкканы кабарланды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү билдиргендей, 19-майга караган түнү Орусия Киев, Одесса, Николаев, Сумы, Винницы, Житомир, Черкасск жана Херсон облустарынын аймагын Shahed дрону менен 37 жолу аткылады, анын баары атып түшүрүлдү.

Өлкө президенти Владимир Зеленский 18-майда AFP агенттигине курган маегинде Орусия Украинанын түндүк-чыгыш тарабындагы чабуулдарын күчөтүп жатканын, бирок украин аскерлеринде фронттогу алдыңкы тилкени колдон чыгарбай кармап турууга зарыл болуп жаткан абадан коргонуу системаларынын төрттөн бири гана бар экенин билдирди.

Агенттик белгилегендей, 10-майда Орусия Украинанын Харьков облусундагы чабуулдарын күчөтүп, натыйжада 1,5 жыл ичиндеги эң ири аймактык жетишкендиктерге ээ боло алды.

Зеленский Украина чек аранын түндүк-чыгыш тилкесиндеги орус аскерлерин алар 5-10 чакырым өтүп киргенден кийин гана токтото алышканын айтып, Харьков аймагындагы орус чабуулдарынын күчөшү андан да кеңири чабуулдун “биринчи толкуну” болушу мүмкүн деп эсептей турганын белгиледи.

«Бул чоң ийгилик (Орусия үчүн) деп айта албайм. Бирок биз туура талдап, алар биздин аймакка тереңирээк кирип баратканын түшүнүшүбүз керек», - деген Зеленский Харьков облусундагы абал «көзөмөлдө» экенин, бирок «турукташа электигин» билдирди.

AFP агенттиги Согушту изилдөө институтунун маалыматына таянып эсептеп чыкканына караганда, орус аскерлери 9-майдан 15-майга чейинки аралыкта 278 чарчы чакырым жерди басып алууга үлгүрдү. Бул, журналисттер белгилегендей, 2022-жылдын аягынан берки эң жогорку көрсөткүч. (RK)

XS
SM
MD
LG