Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Кыргызстандагы шайлоонун алгачкы жыйынтыктары бүгүн белгилүү болот


Кыргызстанда кечээ парламентке шайлоо өттү. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу атуулдардын 57%зы шайлоо чөлкөмдөрүнө келип, добушун берди. Буга чейин Кыргызстандын президенти Аскар Акаев өлкөдө шайлоонун жүрүшүнө көз салышкан эларалык байкоочулар да шайлоого даярдык мыкты болгондугун айтты деп билдирген.

- Биз азыр эле КМШ жана ЕККУ уюмдарынын байкоочулары менен көрүштүк. Алар да шайлоого даярдык жогорку деңгээлде болгондугун айтышты, - деди президент Аскар Акаев.

Анткен менен оппозиция лидерлери добуш берүү учурунда түрдүү катачылыктар болгонун айтышты.
Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары бүгүн маалым болот. Ошондой эле ага 200 байкоочусун жиберген Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму бүгүн шайлоо тууралуу өз кабарын билдириши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG