Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

Шайлоо жыйынтыгына нааразылык уланууда


БИШКЕК. Ош облусундагы №36 Каракулжа шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Дүйшөн Чотоновдун беш жүзгө жакын жактоочулары 3-мартта Каракулжа райондук админстрация имаратынын алдына нааразылык чарасына чыгышты. Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчысына Дүйшөн Чотоновдун ишенимдүү адамы Бермет Жакыпова билдирди. Анын айтымына караганда, Чотоновдун жактоочулары район борборуна бир боз үй тигишип, №11 Биймырза, №3 Жаңыталап жана №9, №10 шайлоо участокторундагы добуш берүүнү жокко чыгарууну талап кылышууда. Ушул эле күнү жогорудагыдай маалыматты район акими Рашид Тажибаев тастыктап, нааразылык чарасына беш жүз эмес, жүздөй адам чыкты деп билдирди. Ал эми шайлоонун биринчи турунда шайлоочулардын 50 пайыздан ашуун добушун алып жеңишке жетишти деп табылган Сооронбай Жээнбеков менен байланышуу аракетибиз майнапсыз болду.

XS
SM
MD
LG