БИШКЕК. Шайлоочуларынын 62 проценти бардык талапкерлерге каршы добуш берген №34 Кочкор шайлоо округу боюнча шайлоонун качан болоору белгисиз. Бирок, бул округ боюнча соттордун чечими менен талапкерликтен четтетилген Акылбек Жапаров экинчи жолу кайрадан талапкер болуп катталып, шайлоого катышууга камданууда. Мындай маалымат 4-мартта Акылбек Жапаровдон алынды. Анын айтымында, шайлоочулардын 26 проценттик добушун алган Турдакун Усубалиев 27-февралдагы шайлоону мыйзамдуу деп табуу арызы менен Борбордук Шайлоо комиссиясына кайрылды. Комиссиянын басма сөз кызматынын башчысы Нина Мухина Усубалиевден арыз түшкөндүгүн тастыктады, бирок,БШК мүчөлөрү жер-жерлердеги даттанууларды иликтеп жүргөндүктөн азырынча эч кандай түшүндүрмө бере албасын билдирди. Шайлоо Кодексинин талабына ылайык шайлоо өткөн жок деп табылган округда шайлоо бир айдын ичинде кайра өткөрүлөт.