75 орундан турган бир палаталуу парламентке оппозициядан беш өкүл шайланды. Буга байланыштуу жергиликтүү байкоочулар Аскар Акаев башында турган бийлик шайлоонун жыйынтыгында толук жеңишке жетишип, Кыргызстандын бир палаталуу парламентинде көпчүлүк добушка ээ болгондугун айтып чыгышты.
Башмыйзамга ылайык бир палаталуу Жогорку Кеңеш олуттуу ыйгарым укуктарга ээ. Тагыраак айтканда, жаңыдан шайланган Жогорку Кеңеш болочоктогу премьер-министрди жана өкмөттү дайындоого макулдук берет. Ошондой эле парламент жылына бир жолу өкмөттүн отчетун угуп, премьер-министрди жана ал тургай мамлекет башчыны кызматтен кетирүү укугуна ээ.
Мындан сырткары, эң башкысы - Жогорку Кеңеш Башмыйзамдын 96-беренесине ылайык Конституцияны да өзгөртүүгө укуктуу. Ушул өңүттөн алганда оппозициянын беш өкүлү жыйынга келбей койсо деле жаңы шайланган парламент Башмыйзамды өздөрү каалагандай өзгөртүп, каалагандай чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар.
Белгилей кетүүчү нерсе - парламенттик шайлоонун жыйынтыгында мурда президенттик шайлоого катышам деп коомчулукка ачык жарыялаган талапкерлердин ичинен бирөө да жеңишке жетишкен жок. Алардын ичинен Ишенбай Кадырбеков шайлоого катыштырылбай калса, Курманбек Бакиев менен Накен Касиев шайлоодо өз атаандаштарына утулду деп жарыяланды.
Ал эми президенттикке дагы бир талапкер Адахан Мадумаровду колдоп 14-мартта Өзгөндүн борборуна жыйырма миңдей адам нааразылык акциясына чыгышты эле, аткаруу бийлиги дароо ага депутаттык мандат бериле тургандыгын жарыялады.
Мына ушундан улам коомчулукта «президент болом дегендер кадыр-баркы жоктугунан улам жеңилдиби же ага башка себеп болдубу?» деген суроо туулду.
«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова жогоруда аттары аталган саясатчылар аткаруу бийлиги аларга каршы иштегенден улам жеңилди деген пикирде:
- Президенттикке катышам дегендер бийликтин күн мурунтадан даярдаган планы менен жеңилип калды. 2000-жылы да ушундай болгон. Анда Феликс Кулов, Данияр Үсөнов сыяктуу атуулдар ушундай абалга туш болушкан. Ал максатына жетиш үчүн бийлик бардык күчүн жумшады.
Ушуга окшогон эле пикирди Кыргызстан элдик кыймылынын өкүлү Виктор Черноморец жана белгилүү саясатчы Ишенбай Абдразаков да «Азаттыкка» берген интервьюда айтышты. Ошол эле мезгилде мындай пикирге бийликтин өкүлдөрү макул эмес:
- Бул жерде атайылап жасалган иш болгон жок. Өзүңөр көрүп турбайсыңарбы. Атайылап жыкса сотко кайрылсын. Эмне, президент атайлап жыксын деп жардык чыгарыптырбы?! Бул туура эмес, -дейт президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Чолпонкул Арабаев.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча коомчулукта ар түрдүү пикирлер айтылууда. Мамлекет башчы Аскар Акаев парламенттик шайлоо мурда болуп көрбөгөндөй мыйзамдуу өттү деп жарыялады. Ошол эле мезгилде Кыргызстандын жер-жерлеринде миңдеген адамдар катышкан нааразылык иш-чаранын катышуучулары шайлоо олуттуу мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн айтышып, добуш берүүнүн жыйынтыгын жоккко чыгарып, ага жол берген президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин талап кылышууда.