Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

КОФИ АННАН БУУну РЕФОРМАЛОО ПЛАНЫН ШАРДАНА КЫЛДЫ


Дүйшөмбү күнү БУУнун башкатчысы Кофи Аннан өзү жетектеген эл аралык мекемени реформалоонун планын жарыя кылды. План келерки жарым жыл ичинде Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешин кеңейтүүнү жана Адам укугу боюнча комиссияга кошумча укуктарды берүүнү сунуш кылат. Аннандын сөзүнө караганда, планды бекитүү үчүн өтө жигердүү сүйлөшүүлөр зарыл. Анткен менен ал Улуттар Уюмунун 60 жылдык тарыхындагы өтө олуттуу реформаны Башкы ассамблея колдойт деген үмүттө.

Башкатчы Кофи Аннан Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөп, өзү башындагы мартабалуу мекеменин Коопсуздук кеңешин жана Адам укугу комиссиясын терең реформалоону сунуш кылды. Реформаны Аннан 20 жыл мурда Советтер союзунда Горбачев баштаган кайра куруу саясаты менен салыштырды:

- Сиздер азыр жүрүп жаткан окуяларды биздин кайра куруу жана шарданалык деп атасаңыздар болот. (Башкы ассамблеянын) мүчөлөрү бу жол жана эриш аракак иштөө уюмду 21-кылымдын чакырыгына ылайык реформалай турганына өздөрү күбө болушат.

Кофи Аннан өз сөзүндө эркиндикке, өнүгүүгө, коопсуздукка жана адам укугуна эң чоң коркунучту жардылык менен террор жаратып жатканына көңүл буруп, терроризмге каршы күрөшүү боюнча кеңири мазмундагы келишимди иштеп чыгууну тездетүүгө чакырды. Терроризмге аныктама берген келишим он жылдан бери талкууланып келет. Араб өлкөлөрү жарандарды атайылап бутага алууну терроризм деп аныктоого макул эмес.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн 24кө жеткирүү боюнча да кызуу талаш жүрүүдө. Германия, Индия, Япония жана Бразилия дүйшөмбү күнү көпчүлүк өлкөлөр Коопсуздук кеңешине 11 өлкө туруктуу мүчө болсун деген пикирде экенин маалымдашты. Азыр Кеңештин 15 мүчөсү болсо, алардын бешөө гана вето укугуна ээ.

Аннан ошондой эле Саддам Хусейндин режимине окшогон бийликтерге кандай мамиле кылуунун жобосун жаңы Коопсуздук кеңеши тез арада иштеп чыгышы зарыл деп санайт:

- Жаңы Коопсуздук кеңеши өз резолюциясында күч колдонууга уруксат берүүнүн негизги принциптерин аныктап берүүсү абзел.

АКШ эки жыл мурда Коопсуздук кеңешинин макулдугу жок туруп Иракка согуш ачып, кеңештин мүчөлөрүн эки жаатка бөлүп салган.

Аннандын сөзүнчө, БУУнун Адам укугу комиссиясы адамдык ар-намысты коргобостон, көбүн эсе адам укуктары тепселген өлкөлөрдү коргоого алган тараптардын чогулушуна айланып кеткен. Андыктан комиссиянын ордуна кеңеш түзүү жөндүү:

- Менин оюмча, эгер биз мүчөлөрүнүн үчтөн экисин Башкы ассамблея түз шайланчу кеңешти түзсөк, ага адам укугун коргоону ишенген болот элек жана ал адам укугунун абалын биз каалагандай жакшыртууга милдеттендирилмек.

Мындай сунушту АКШда жайгашкан өтө таасирлүү Хьюман Райтс Уоч уюму жактырды. Уюмдун төрагасы Кеннет Роздун пикиринче, жыл сайын шайланчу Кеңеш Улуттар Уюмунун адам укугуна байкоо жүргүзүүсү вазийпасын камсыздоого жана кризистик жагдайда чечкиндүү чара көрүүсүнө шарт түзмөк.

Башкы ассамблеяга азыр 191 өлкө мүчө.

XS
SM
MD
LG