Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

«БЕТА-СТРОРЕС» КАНТИП ТОНОЛДУ?


Сапар Орозбаков, Бишкек 24-марттагы талап-тоноо Ак үйдөн анча алыс эмес жайгашкан «Бета-сторес» компаниясынан башталган болчу. «Бета-сторестин» азыр имараты эле калган. Компаниянын башкармалыгынын төрагасы жана президенти Юсуф Угур окуя тууралуу айтып берди.

-«Бета-сторес» качан таландыга туш болду?

- Супермаркет магазинди тоноо 24-мартта саат 18 де башталды. Тоноо түнү менен уланып, кийинки күнү саат 11ге чейин созулду.

- Сиз тоноо башталганда кайда элеңиз?

-Ал убакта биз маркетте болчубуз.

- Анан силер эч кандай чара көрө албай койдуңуздарбы?

-5 миң адамга каршы биз кандай чара көрө алмак элек? Албетте топтолушкан калың эл келе жатканда ал жерде иштегендер маркеттен чыгып кетүүгө аргасыз болду. Биздин айрым адамдар жаракат алышты. Алар 5 миңден ашык болчу. Аларга эч ким каршылык көрсөтө албайт болчу. Анын үстүндө ал адамдар союл, таш жана башка нерселер менен куралданышкан эле. Биз имаратты таштап кетүүгө аргасыз болдук. Маркеттин 1-кабатынан тартып 5-кабатына чейин талоончулардын колунда калды. Алар дүкөндү, кампаларды жана биздин ал жердеги курулуштардын баарын тоношту. Акырында бүтүн өрттөп жиберишти.

- Канча зыян тарттыңыздар?

- 6 млн. 900 миң доллар. Бул алдын ала эсептөөлөр. Так маалымат азырынча жок.

- Менин билишимче сиздердин имаратта башкалар да ижарада турушкан. Сиз айтып жаткан сумма ошолордун жоготууларын кошуп эсептегендеби?

- Бизде 5-6 ижарачы бар болчу. Биз бул суммага алардын тарткан материалдык зыянын кошкон жокпуз. Айтылган сумма «Бета сторестин» өзүнө гана тиешелүү жоготуу. Ижарачылардын жоготууларын биз билбейбиз.

-Сиз өкмөт эмне кылыш керек деп ойлойсуз?

- Мен чет өлкөлүк инвесторлордун өкүлү катары өкмөт биринчи кезекте Кыргызстандын аймагында жүргөн чет өлкөлүк атуулдардын, анын ичинде «Бета сторестин» территориясындагы түрктөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды көрүшү зарыл экенин айткым келет. Экинчиден, өкмөт – Курманбек Бакиев жана Феликс Кулов биз менен жолугушуулары керек. Алар бул окуялардын натыйжасында биздин тарткан зыянды жаап берем деп ишендирүүлөрү керек. Ошондой эле алар Кыргызстандын аймагында биз мындан ары өз ишмердүүлүгубүздү уланта аларыбызга убада бериши керек. Мен биринчи кезекте бул окуялардын айынан жапа чеккен адамдарга көңүл айтам. Ошондой эле жаңы өкмөткө ийгилик каалайм.

XS
SM
MD
LG