Жаңы өкмөт биринчи кезекте коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы иш- чараны алгачкы күндөн баштаганын Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов билдирди:
-Жаңы өкмөттүн биринчи кезектеги максаты - коррупцияны жоюу. Бюджеттен четтеп, башка жактарга жумшалган финансылык каражаттардын бардык агымдарынын бетин ачып, чечкиндүүлүк менен натыйжалуу пайдалануу керек. Өлкөнүн бечара бюджетинин киреше бөлүгү 10 жылдап 300 млн. долларды араң түзсө, эми жаңы өкмөт бюджеттин киреше бөлүгүн 2-3 эсеге көбөйтүүгө аракет кылууда. Бул коррупция менен күрөшүүнүн алгачкы бөлүгү.
Мирослав Ниязов мурдакы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүү жана «абийирдүү башкаруу» тууралуу чакырыктарын, «Мамлекеттик кызматкерлер тууралуу этиканы» кабыл алып эл алдында куру кыйкырык менен чыкканын эки жүздүүлүк катары баалап, мындай жасалмалуулук башаламандыкка алып келгенин белгиледи. Ал эми вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов өлкөдө коррупциянын кенен тамыр жайганын мындайча маалымдады:
-Эгерде системалык коррупция мамлекет башчысынын кадрлык саясат боюнча тийгизген таасиринен пайда болгон болсо, ал эми турмуш-жагдайдан келип чыккан коррупция эмгек маянанын аздыгынан келип чыккан. Биз канчалык мамлекеттик автоинспекция кызматкерин пара алба дегенибиз менен ал 10-15 долларлык айлык менен үй-бүлөсүн багууга мүмкүн эмес. Ошондуктан биз биринчиден эмгек маяналарын көбөйтүшүбүз керек. Салык кызматындагылар өткөн жылы 15 миң текшерүү жүргүзүшүптүр, албетте, алардын арасында таза иштегендер да бар экенинде күмөн жок. Бирок ,алардын көпчүлүк жетекчилери пара алып кел, жогору жакка беребиз дешкенинен орточо 700-1000 доллардан алышканда канча сумма жең ичине кеткенин элестетип көргүлөчү. Ал эми 100 доллар алган мамлекеттик чиновниктин заңгыраган үйү, кымбат баалуу машинеси бар, алар мынча каражатты кайдан алгандыгы баарыңарга эле маалым болуш керек.
Данияр Үсөновдун айтымында, системалык коррупцияда кызмат орундары сатылгандыгынын кесепетинен 13 жыл аралыгында Кыргызстанда 11 премьер-министр алмаштырылган. Эң жогорку кызматтан тартып төмөнкү бөлүм башчыларына чейин кызматтык орундар сатылып, өзүнчө бир бизнес кылууга шарт түзүлгөн.
Д.Үсөнов ошондой эле өлкөдө кыргызчылык кылып, жакын туугандарын, жек- жааттарын, дос-тамырларын кызматка алуу көнүмүш адатка айланганын белгиледи. Экономикалык коррупция тууралуу ал мындай пикирин билдирди:
-Өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгы да чоң көлөмдөгү акчаларга сатылган. Бизде эларалык долбоорлор бар салык төлөбөгөн, алардын бири ушул эле «Хаятт» мейманканасы. Далилдүү айта турган болсом, 2003-жылы “Кыргызгаз” “Өзбекгаздан” 700 млн.куб. газ сатып алышкан. Кыргыздар швейцариялык кампанияны түзө коюшуп, газдын баарын ал компанияга сатышып, аны кайра “Кыргызгаз” кымбат баага сатып алган. Ал эми абамайданынан бир аба учактын бир жолку учуп- конуусу 5 миң доллар, бюджетке түшкөнү 750 доллар, калган акча каражаты кайда кеткенин өлкөдөгү атуулдардын баары зле билет. «Капчык» системасынын иштеп атканын билишет. Бирок, эмнегедир буларды прокуратура, бажы, финансы кызматтары, соттор билбейт.
Данияр Үсөнов энергетика тармагындагы түзүлгөн оор кырдаалга, ал тармактагы коррупциялашкан иштерге токтолду. Мурдакы президенттин уулу Айдар, күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин мыйзамсыз иштерине учкай токтолду.
Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу жыйынга катышкан эларалык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу сунуштарын, ой-пикирлерин угуп, коррупция менен күрөшүүгө аларды жаңы өкмөткө көмөк көрсөтүүгө чакырды.