Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

ШАЙЛОО САБАКТАРЫ


Күмөндөр Усуптегин Нарын облусунун аймагынан Жогорку Кеңешке төрт депутат шайланмак. Бирок үч шайлоо округунда нааразычылыктар келип чыгып, Нарын округунда шайлоого чекит дале толук коюла элек. Шайлоо маалында жана андан кийин облустагы эки район акимине эл тарабынан ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү. Мындай көрүнүштү Атбашы районунун акими Адыл Сайдинов атайын уюштурулган иш-чара десе, айрым байкоочулар бул жергиликтүү бийликтин элди кысымга алуусунан жана элдин саясий маданиятынын төмөндүгүнөн болуп жатат деп эсептешет.

Нарын облусунда шайлоочулардын алгачкы чуру-чуусунун добулбасы 21-февралга туура келет. Бул күнү Кочкор райондук соту Курманбек Байтерековду, ал эми кийинки күнү Акылбек Жапаров менен Бейшенбек Болотбековду шайлоо жарышынан чыгарган. Натыйжада Улуу жибек жолу бир нече күнгө калк тарабынан тосулуп, район акими белгилүү мөөнөткө чейин барымтага кармалган.

Ал эми 5-мартта №33 Нарын аймактык округдук шайлоо комиссиясынын көпчүлүк мүчөлөрү талапкер Ишенбай Кадырбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү мыйзамсыз иш кылды деп, аны депутаттыкка талапкерликтен алып таштаган. Мында да Улуу жибек жолу бир нече күнгө тосулуп, Нарын шаарында митингдер болуп өткөн.

6-мартта болсо бул жагдайды Ишенбай Кадырбеков Грузия жана Украинага салыштырган эле:
-Бүгүнкү күнгө чейин унчукпай келдик. Биздин укугубузду тебелеп-тепсейли деген экен. Эмне үчүн Грузия менен Украинада ушундай болду? Анткени алардын бийлиги элдин укугун тебелеп-тепсегенден болду. Мына акыры жүрүп отруп Нарынга жетишти - деген болчу Ишенбай Кадырбеков 6-мартта Нарын шаарынын борбордук аянтына чогулган митингчилерге кайрылып.

Элдик толкундун шары акыры 24-мартта өкмөт үйүн алуу менен аяктап, Акаевдин бийлиги кулатылды. Бирок ага болбой дале жер-жерлерде бийликке болгон нааразычылыктар уланып келет. Алсак, 5-апрель күнү Атбашы районунун акими Адыл Сайдиновго бир нече ондогон адамдар ишенбөөчүлүк көрсөтүшүп, анын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.

Натыйжада аким арызын жазып берген. Бирок эртеси кайрадан Атбашы акимчилигине адамдар топтолуп, алар Адыл Сайдиновду иштей бер дешип, жазган арызын жокко чыгарышкан эсептешкен.

- Тынчтыкка, тартипке чакыра турган айылдын аксакалдары астыга туруп алып кыйкырышты. Биз сыйлаган апаларыбыз, эжелерибиз, карындаштарыбы - биздин келечектеги балдарыбызды төрөп берген аялзаты да сөзгө келбей, кеткин деп кыйкырышты. Жаштар аркасынан ураалап кыйкырып келишти. Мен мындай нерсени атайын уюштурулган деп билем- дейт Адыл Сайдинов.

Бирок “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын обустагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Гүлжамал Султаналиева элдин акимдерди кет дегендигине шайлоо маалында ошол жергиликтүү бийлик ээлеринин элди кысымга алуусу себепкер болгондугун мындайча билдирет:

- Элдин түздөн-түз барып акимдерди кет деп аткандыгы мурунку шайлоонун шайтан оюндарынан болуп калды. Себеби ошол эле акимдер, ошол эле губернаторлор өздөрүнүн иштеп аткан ордунан пайдаланышып, элди анча-мынча кысымга алышкан. Бүгүнкү күндө жарандар ошонун барын чыгарып, “кетишсин, булар ушуну жасабадыбы” деген нерсе болуп атса керек. Аларды да түшүнсө болот. Бирок мунун бардыгы мыйзамдын чегинде өзүнүн убактысы менен болушу керек.

Ал эми Нарын мамлекеттик университет окутуучусу Асан уулу Кубатбек мунун негизги себебин элдин маданиятынын төмөндүгүнөн көрөт:

-Менин оюмча, эң негизги себеп - бул элдин саясий маданиятынын төмөндүгү. Экинчиси, акыркы шайлоолордогу бийликтин аралашуусу элдин ачуусуна катуу тийди окштойт. Ошондуктан эл бийликти ошол мезгилден бери жактырбай калган.

XS
SM
MD
LG