Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

Депутаттык орунга талаш-тартыш уланууда


БИШКЕК. №21-Токтогул шайлоо округунан шайланган депутат Таирбек Сарпашевди анын атаандашы Токтогул Мадияровдун жактоочулары 18-апрелде Жогорку Сот имаратынын алдында күч менен депутаттык күбөлүгүн тартып алышкан. Бул тууралуу Таирбек Сарпашев «Азаттыктын» кабарчысына маалымды:

- Мадияровдун жактоочуларынан он чакты аял, жети-сегиз жаш бала мага кол салышты. Алар мени токмоктоп, уруп, кийимдеримдин баарын айрып, депутаттык күбөлүгүмдү алып калышты. Мен бул боюча Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылдым.

Таирбек Сарпашевдин жогорудагыдай билдирүүсүн ушул эле күнү анын атаандашы Токтогул Мадияров жалган деп четке какты:

- Бул Сарпашевдин кезектеги жалган сөзүнүн бири. Мурда да ал өзү жасаган иши үчүн бизге Жогорку Кеңештин трибунасынан жалаа жапкан. Ага байланыштуу кетментөбөлүктөр Сарпашевге нааразы болушуп, аны Токтогул өрөөнүнө киргизбейбиз деп жатышат.

Буга чейин Токтогул райондук соту бир нече шайлоо участокторунда кайра добуш берүү тууралуу чечим чыгарган. Ал эми Жогорку сот райондук соттун чечимин жокко чыгарып, маселени Таирбек Сарпашевдин кызыкчылыгына чечкен.

XS
SM
MD
LG