Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:44

КОРРУПЦИЯ 7-КАБАТТАН ЖАЙЫЛГАН


Экс-президент А.Акаевдин заманында коррупция Акүйдүн жетинчи кабатына чыгып кеткени учкул сөз катары байма-бай айтылчу. Жаңы өкмөттүн экономикалык тармагына жоопкер Данияр Үсөнов Кыргызстан коррупциясынын анабашында ошол 7-кабатта онбеш жыл отурган А.Акаевдин өзү турганын, бермей-алмай мамлекеттик кызматкерлердин күндөлүк философиясына айланып кеткенин айтып чыкты.

Салык төлөөчүлөрдүн эларалык ассоциациясынын президенти Бьерн Вальберг коррупциянын жолун бууштун ыңгайлуу жолу салык өлчөмүн азайтып, ишкерликке мамлекеттик көзөмөлдү жоюу зарыл деп эсептейт.

- Уруксат берүүнүн өзү туура эмес, себеби ал артынан коррупцияны ээрчите келет.

Коррупцияны жайылтып аткандарды Манастын арбагы менен коркуткан экс-президент А.Акаевдин тушунда деле коррупцияга карата оголе көп сындар айтылчу, мамлекеттик ишке таза колдуу адамдардын келиши туура экендиги белгиленчү.

Анткен менен коррупция Акүйдүн 7-кабатында чайлап-коолап өнүгүп, андан жерге түшүп өлкөгө жайылып кеткенин экс-президентке тиешелүү дүйнө-мүлктү аныктоого киришкен өкмөттүк комиссиянын жетекчиси вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов жакында журналисттер алдында жарыялады.

- Баарын кучагына алан мамлекеттик коррупция 7-кабатка чыкпай эле андан алдын-ала так эсептелип чыккан схема боюнча жерге түшүп, кайсы бир өлчөмдө мамлекеттик чиновниктердин философиясына айланып кеткен. Бул калктын эле кайнаган шору болду. Ошондон солго солонгон мамлекеттик каражаттарды, бюджет акчаларын кайтарып алуу, адилеттиктин орношу үчүн гана эмес, мамлекет менен коомдун, мамлекет менен ишкерликтин алака-катышын түп-тамырынан өзгөртүү философиясына айланышы керек.


Данияр Үсөнов элине, Мекенине кызмат кылгысы келгендер буга чейин атейин маани бербей келаткан маселени кайрадан аңдап чыгышы зарыл деген пикирде. Ансыз, коомду ичтен ириткен социалдык илдеттен кутулуш мүмкүн эмес.

Жаңы өкмөттүн мамлекеттик кызматтагы алмай-бермейди токтотуу, коррупциянын тизгинин тартуу аракети калк арасында жактырууга ээ болуп жатканын биртоп аймактарды кыдырып келгенден кийин өкмөт башчы да билдирди. Белгилүү ишкер Табылды Эгембердиев Кыргызстан коррупцияга белчесинен батып, «балык башынан сасыйттын» тууралыгын жон терисинде байкаган өлкө дейт.

- Мен баягы Акыйкат башкаруу, коррупцияга каршы күрөштүн улуттук кеңешинин мүчөсү эмес белем. Бир күнү жыйынга келатсам алдыман А.Иордан жолугуп калды. «Каякка баратасың?» дейт. «Ай, быякта коррупционерлер чогулуп коррупцияга каршы күрөшөбүз деп чогулуп аткан экен. Мени да кошуп коюшуптур, ошоякка баратам», десем күлөт. Жүрөгү түшүп калды, качкан бойдон кетти. Азыркы бийлик мурунку талаанын отоо чөптөрүн терип атат. Мурунку бийликтеги коррупциянын тамырын жулуп атат. Азыркы бийликтин да отоо чөптөрү чыгат, каалайбы-каалабайбы баары бир чыгат. Себеп дегенде, коррупцияга каршы күрөш жалгыз эле өкмөттүн колундагы иш эмес, аны менен жалпы эл күрөшүүсү керек.

Т.Эгембердиев коррупциянын тизгинин тартуунун ыңтайлуу жолу - маалымдоо каражаттарынын эркиндиги, колу туткак чиновниктерди коомчулук алдында ашкерелеп туруу керек деген ойдо.

«Трибуна» гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаковдун ырасташынча, учурда жарыяланып аткан өнөктүктөн жарытылуу майнап чыгары күмөн.

- Укук коргоо органдарынын бөлүмдөрүндөгү көпчүлүк кызматкерлер коррупционерлер, кызматынан пайдалангандар. Демек, укук коргоо органдарынын 90 –98% кызматкерлери коррупционерлер, эми деле ошолор эле иштеп атышат. Эмне үчүн дегенде, бир гана башы алынды да коррупциянын калган органдары иштеп атпайбы. Бир башын алса экинчи башы өсүп чыга берет.

Жеке бийликтен кутулган өлкөлөрдүн түгөл баарында жаңы бийликтин өтүмдүү аракети коррупцияга каршы күрөштөн башталат. Ким билет, Кыргызстан экономикалык жагынан кабелтең, табигый байлыгы, тапкан кирешеси бир үй-бүлө менен анын жакындарынан тышкары калктын кыйла катмарына жетерлик болгондо мурунку башкаруучулардын жеп-ичмейлигинин натыйжасы азыркыдай адырайып көрүнбөс беле. Данияр Үсөновдун айтымында, «үй-бүлө менен анын жакындары» жалаң акча табуунун гана азгырыгына алданып, пайда чыгарыш үчүн эч нерседен тартынбай, жийиркенбей калган. Ушул ыңгайдан алганда, экс-президенттин «таза колдор, таза Кыргызстан» программасы анын элине шылдыңы катары кабылданары турулуу иш.

XS
SM
MD
LG