Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Пакистан Ирандын атомдук бомба жасоо аракетин текшерүүгө жардам берүү ниетин билдирди


Пакистандын премьер-министри Исламабад Ирандын атомдук бомба жасоо аракетин текшерүүгө жардам көрсөтө алат деп билдирди. Шаукат Азиздин айтымында, ал үчүн Пакистан Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке тийиштүү жабдыктар жөнөтүүгө даяр. МАГАТЭге ушундай сунуш менен чыгуу маселесин ойлонуп жатканын өткөн айда Пакистандын президенти Первез Мушарраф айткан эле. Улуттар уюмунун алдындагы эл аралык агенттик Исламабад сунуш кылып жаткан центрифуганын бөлүктөрү Иранда Пакистандан баш алган атомдук жабдыктар бар-жоктугун аныктоого жардам бермек деп билдирген.

XS
SM
MD
LG