Чек арадан кирип-чыгып жаткандардын дээрлик көпчүлүгү өзбек жарандары. Алар Кыргызстандын Карасуу шаарындагы базарга соода-сатык үчүн келип-кетишүүдө. Акыркы күндөрдө кыргыз тарапка базарга каттаган өзбек атуулдарынын саны кескин көбөйдү. Буга дейре чек арадан өтүүгө чочулап турган эл чек ара чын эле ачылганына эми ишенди көрүнөт. Элдин көптүгүнөн кыргыз чекарачылары кирип-чыгып жаткандардын паспортторун текшерүүгө араң үлгүрүүдө.
Чек арачылардын айтымында мурда, көпүрөлөр жабылганга дейре он миңдей адам кирип чыгып турса, азыр алардын саны эки эсе көп. Өзбек атуулдары Кыргызстанга негизинен айыл чарба азыктарын ташыйт.
Чек арадагы кыймыл Төрткөчө бекетиндеги көпүрө жабык кезинде да токтогон эмес. Жергиликтүү калктын айтымында, Шахрихансай дарыясы аркылуу тартылгын аркандан өтүп жатып, ушул жылдын башынан бери жүздөн ашуун адам набыт болгон. Чек арадагы бул көпүрө мындан алты жыл мурда өзбек бийликтери тарабынан жабылган эле. Анжиян козголоңунан сон эл аны кайрадан калыбына келтирип алышты.
Биз менен маектешкен өзбек атуулдары ачык чек ара элдин муктаждыгы экенин белгилешти:
- Атым Равшан. Өзбекстандын жараны болом. Чекаранын ачык болгону жакшы. Кыргызстанда туугандарым бар, катташып турушубуз керек да акыры.
Ачык чекара аркылуу диний экстремисттер же болбосо өзбекстанда мыйзамдан качып жүргөндөр кирип келбейби?- деген сурообузга болсо төмөнкүдөй жооп алдык.
- Бул болбогон кеп. Эч кандай террорист жок. Жөнөкөй, карпайым эл өтүп жатат бул жерден.
Карасуунун өзбек тарабында жекшембиде нараазылык иш чаралары уланбады. Буга чейин нааразычылык акциясына чыккан адамдар камакка алынган Бактияр Рахимов жана Дилмурат Мамажановдорду бошотууну талап кылышкан. Алар чек арадагы көпүрөнү калыбына келтирүү иштеринин башында болгон эле. Өзбек атуулдарынын айтымында азыр экөөнүн тең тагдыры белгисиз.
Сүрөттө: Карасуудагы Төрткөчө чек ара бекетинин кыргыз тарабы