Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Эмнести Интернешинел жылдык баяндамасын жарыялады


Эмнести Интернешинел уюму бүгүн таркатылган жылдык баяндамасында терроризмге каршы дүйнө боюнча жүргүзүлүп жаткан согуш, зордукчул аракеттерди тыйбастан, тескерисинче, адамдын негизги укуктарын бузууга жол берип жатат, деп айыптады. Баяндамада Орусиянын Чеченстандагы аскердик аракеттери, АКШ аскерлеринин ирак жана ооган туткундарына кылган мамилеси, Ирандагы, Борбор Азия жана Кавказдагы укук бузуулар келтирилген. Кыргызстан менен Казакстан уйгур саясий качкындарын Кытайга сүрүп чыгарып жаткандыгы үчүн сындалган. Өз өлкөсүндө өлүм жазасына мораторий жарыялаганы менен расмий Бишкек өлүм жазасына тартыла турган жарандарды Кытайга өткөрүп берүүдө, деп айтылган баяндамада.

XS
SM
MD
LG