Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:59

ИРАН БРЮССЕЛ ЖЫЙЫНЫНА БАРАБЫ?


22-июнда Брюсселде болчу жыйынга АКШ, Евробиримдик, Иракка катар Иран да катышуусу мүмкүн. Жыйын Иракты реконструкциялоонун жүрүшүнө арналат. Бейшемби күнү ЕБнын учурдагы төрагасы, Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Асселборн Иран жыйынга чакырылганын тастыктады. Вашингтон менен Тегерандын осол мамилесине карабай, АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Ирандын Брюсселдеги саммитке катышуусуна Кошмо Штатары каршы эмес экенин билдирди.

Тегеран Ирактын экономикасын калыбына келтирүүгө арналып буга чейин өткөн эл аралык жыйындардын баарына катышкан. Ай соңунда Брюсселде өтчү жыйынга келеби, азырынча жообун бере элек.

Иракты реконструкциялоонун негизги каржылоочусу Вашингтон менен Тегерандын ырасмий мамилеси жок. Бирок Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Жан Асселборн 2-июнда АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс менен чогуу өткөргөн брифингде Иранга чакыруу жөнөтүлгөнүн тастыктады:

-Люксембург азыр төрага. Люксембург менен Ирандын байланышы бар. Иран чакырылды.

Райс айым Вашингтон Ирандын чакырылганына каршы эмес экенин айтып, АКШ өкмөтү Иран-Ирак жакшы коңшулар катары кызматташуусун каалайт деди:

–Иран Ирактын коңшусу. Биз Ирандын Ирактагы бейкуттуктун жактоочусу болуусун, Иран Ирактын ички иштерине кийлигишпестен өлкө стабилдүү жана демократиялуу өнүгүүсүнө жардамдашуусун каалайбыз.

Иран ирактык шииттерди колдойт, согушчандарын Иракка өтүүсүнө көз жумуп койууда деп айыпталып келет. Бирок Тегеран айыптоону четке кагып жүрөт.

АКШ Мамкатчычы Иранда болчу шайлоого да токтолду. Райс айымдын айтышынча, Ирандын Көзөмөл кеңеши миңдей талапкердин ичинен саналуу гана адамдын шайлоого катышуусуна уруксат бергендиктен өнөктүк калыс жана адилет өтөөрү күмөндүү.

Райстын сөзүн Тегеран өлкөнүн ички ишине киришүү деп баалады. Райс айым Ирандын тышкы иштер министри Харазинин апрелде Багдадга жасаган ийгиликтүү визитине “каарданып жатат” деди министрликтин өкүлү Хамид Реза Асефи. Асефинин айтышынча, Иран АКШ регионго таңуулаган саясый нукту карабай жатат. “Анткени, Иран региондун калкы өз келечегин өзү чапканга саясый жактан бышып жетилген деп ишенет.”

Тегерандык журналист Хасан Фазинин пикиринче, Ирандын Брюсселге чакырылганы, АКШнын Ирандын Иракка болгон таасирине ынанганын күбөлөйт:

-Иран Ооганстанды кайра куруу конференциясына да катышкан. АКШ Иранды региондогу татыктуу оюнчу деп тааныган. Харазинин жакында Багдадга жасаган сапары учурунда эки жактын өз ара мунасага жетишкени, Иран менен Ирак түрдүү проблемаларды тынч чечкенге даяр экенин көрсөттү. Иранды чакыруу жана чакырууну АКШнын колдоп жатканы Ирандын ирактык шиилер арасындагы таасирине байланыштуу. АКШ Иран өз таасирин Вашингтондун же Ирак өкмөтүнүн кызыкчылыгына каршы колдонуусун каалабайт.

Тегеран университетинин профессору Давуд Баванд болсо Вашингтон Ирактын келечегин аныктоодо Ирандын мааниси чоң экенин терең түшүнгөнүнө токтолуп, Ирактын экономикасын өйдөлөөдө Тегеран менен Вашингтондун чогуу иштөөсү эки өлкө арасындагы мамиленин жакшыруусуна өбөлгө түзөт деп боолгойт:

–Бул маанилүү иш экени күмөнсүз. Алгач өз ара түшүнүү болсо, ал кеңири проблемаларды сүйлөшүүгө негиз болуп бериши мүмкүн. Мындай жыйында жана жалпы сүйлөшүүлөрдө чогуу катышуу тараптардын бири бирин терең түшүнүүсүнө өбөлгө түзөт. Бирок учурда АКШ Иран менен стратегиялык эмес, тактикалык келишимге барууга көбүрөөк даяр.

XS
SM
MD
LG