Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Гуантанамо базасында Куран мазакталган фактылар далилденди


АКШнын Коргоо министрлиги кечээ күнү кечинде жарыялаган билдирүүгө караганда, Куба аралындагы Гуантанамо аскерий базасында мусулмандардын ыйык китеби Куран мазакталган бир нече факт далилденди. Мисал үчүн, сурак учурунда кээ бир аскерлер Куранды тебелегени, бир кайтаруучу китепти тепкени аныкталды, андан тышкары, бир нече китепке суу жана заара тийген, бир китептин ичине болсо уят сөздөр жазылган, бирок аны ким жазганы азырынча белгисиз. Анткен менен америкалык "Ньюсуик" журналы жазгандай, аскерлер тарабынан Куран дааратканага салынган деген факт далилденген жок. Гуантанамо базасында америкалыктар дүйнөнүн ар башка өлкөсүндө терроризмден шектелип кармалган бир нече жүз туткунду кармайт.

XS
SM
MD
LG