БИШКЕК. Нарын обласынын Жумгал районунун беш жүзгө жакын тургуну 6-июнда Каракече көмүр кенин басып алып, ошондон бери нааразылык иш чараларын улантышууда. Бул тууралуу мындай ишти жетектеген «Жоомарт» кыймылынын мүчөсү Урмат Шамырканов «Азаттык» радиосунун кабарчысына билдирди. Нааразылык иш чарасынын катышуучулары «Беш сары», «Мээрим» жана «Акжол» ишканалары көмүр казууда экологиялык эрежелерди сакташпай, райондун авто жолун талкалагандыгына жана ага карабай аталган ишканалар район элине көмүрдү Бишкектегидей эле бир тоннасын 1200 сомго саткандыгына нааразылык билдиришүүдө. Ал эми «Беш сары» ишканасынын жетекчиси, Жогорку Кеңеш депутаты Камчыбек Жолдошбаев палата отурумунда жогорудагыдай маалыматты жокко чыгарып, мындай ишти уюштургандарды жоопко тартууну Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдон өтүнгөн.