Нике келишиминин үлгүлүү контракты деп аталган токтомдо жубайларга орток болгон мүлк менен буйум-тайымдарды пайдалануунун, орток буйумга карата ар бир жубайдын укугу жана жоопкерчилиги жана орток мүлккө кайсылар киреери аныкталган. Ошону менен бирге эле жубайлар ажырашкан учурда, эмгекке жараксыз жубайды багуу милдети, ортодогу балдарга кам көрүү, орток мүлктү бөлүштүрүүнүн жол-жоболору менен эрежелери жөнүндө айтылган.
Түркмөнбашынын бейшемби күнү жарыяланган бул токтому менен таанышырып жатып, улуттук телевиденинин алып баруучусу буларды айтты:
- Түркмөнбашы бул токтомго чет элдик жаран менен баш кошууну каалаган түркмөн жаранынын укуктарын коргоо максаты менен кол койду .
Түркмөнбашы чет элдиктер менен никелешүүнү каалагандар тууралуу ушуну менен экинчи жолу кам көрүп олтурат. Мындан төрт жыл мурда ал Түркмөн кыз же жигит менен баш кошууну каалаган адамдарды мамлекеттик казынага оболу 50 миң доллар төгүүгө милдеттендирген. Бирок бул мыйзам, бай өлкөлөрдөн келген капчыгы калың чет элдиктер эмес, куда- сөөк болуп, илгертен бери кыз алышып келаткан кошуна өлкөлөр менен танапташ жаткан райондордун тургундары үчүн кыйынчылык жаратты.
Андай жарандардын бири Күмүш Нарзиева, ал Өзбекстандын Талимаржан деген шаарында 2002- жылдан бери жашайт. Күмүш ата-энесинин макулдугун ала албаган соң улуту өзбек жигитин ээрчип, Өзбекстанга качып барып, ошол жерден никелешип, жашап калганын баяндайт.
- Күйөөмдү сүйгөнмүн, ошон үчүн аны менен качып, баса бердим. Ата-энем мени менен эки жыл бою сүйлөшкөн жок. Доури, Түркмөнстан үчүн өтө кыйын нерсе. Доурини төлөй албаган жигиттер, түркмөн кыздарын жөн эле ала качып, баса берет.
Түркмөн мыйзамдарына ылайык, Күмүштүн күйөөсү адегенде өкмөткө 50 миң доллар калың төлөп, үйлөнгөнгө расмий уруксаат алуусу керек болучу. Дагы бир шарт- ал Түркмөнстанда өз үйү болуп, үйлөнүүгө чейин республикада бир жылдан кем эмес убакыт жашоого тийиш эле. Түркмөн президенти мындай шарттарды түркмөн кыздарын ар түрдүү чет элдик шылуундардан коргоо үчүн жасалган аракет деп түшүндүргөн.
Бирок адегенде киргизилген бул эреженин кай бир бөлүктөрүнөн Түркмөнстан баш тартууга мажбур болду. Түркмөн жараны менен баш кошуунун каалаган чет өлкөлүк жаран азыр да үйлөнүүгө чейин Түркмөнстанда бир жылдан кем эмес жашоосу керек. Бирок ал азыр өкмөткө 50 миң доллар калың төлөбөйт. Республикада үйү болуусу да шарт эмес.
Адам укуктары боюнча Хельсинки корунун түркмөн өкүлү Тайыгүл Бегметова бул чечимди алга жасалган жылыш деп эсептейт:
- 50 миң доллар төлөө чечими эгемендиктин алгачкы жылдарында киргизилиши керек эле. Бул чечимди ошондо кабыл алганда, чет элдиктер менен баш кошкон кыздарга байланыштуу көптөгөн кайгылуу окуялар орун алмак эмес. Бирок калыңдын алып салынышы өкмөттүн өз ыктыяры менен жасаган кадамы эмес, ал бул чечимди ал эл аралык коомчулуктун кысмагы менен кабыл алды.
Бирок расмий калың жойулганы менен кыздын ата-энесине төлөнүүчү калың дагы эле сакталып кала берүүдө. Адатта колунда бар күйөө колуктуусу үчүн 36 баш кой, көйнөк- көнчөктөн 36ны, төрт яшик арак жана 600 доллар төлөйт. Мындай калың арийне көпчүлүктүн колунан келбейт.
Кошуна өлкөгө күйөөгө качып кеткен түркмөн кыздардын тагдыры да оңой эмес. Алдыда сөз болгон Күмүш деген келин үч жылдан бери Өзбекстандын паспортун ала албайт, анткени нике кагазы жок. Чек арадан виза албастан, мыйзамсыз өткөнүнө байланыштуу, ага Өзбекстанда жашоого расмий уруксаат берилген эмес. Ал эле тургай, анын балдарынын да туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок.