Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:52

АМЕРИКАЛЫК СЕНАТОРЛОР ТҮНДҮК КОРЕЯ БОЮНЧА САЯСАТТЫ КАЙРА КАРАП ЧЫГУУНУ СУНУШТАДЫ


Өткөн бир жылда Түндүк Корея өзүнүн ядролук курал программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүдөн четте болуп келген эле. Өткөн аптада Жорж Буштун администрациясы Пхеняндын Кытай, Жапония, Орусия, Түштүк Кореа жана Кошмо Штаттары менен сүйлөшүүнү кайра жандантууга макул болгонун кулак кагыш кылды. Бирок сүйлөшүүнүн качан кайра башталаары али белгисиз. АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитетинин мүчөлөрү, анын ичинде Буштун Республикачыл партиясынан шайланган бир нече таасирлүү сенатор ушул аптада Буштун администрациясы бул сүйлөшүүгө карата мамилесин кайра карап чыгышы керек деп айтып чыгышты.

Сенаттын Тышкы байланыштар комитетин Сенатор Ричард Лугар жетектейт. Ал Буштун администрациясын Түндүк Корея менен сүйлөшүүнүн стратегиясын тактап алууга чакырды. 14-июндагы талкууда ал бул сүйлөшүүгө карата Буштун администрациясында көп көз караштар бар экенин белгиледи.

Ричард Лугар маалымат каражаттарында жана өзү жетектеген комитет менен алакалаш америкалык дипломаттар арасында бул маселе көп талкууланып жатканын белгилеп, америкалык саясаттын таасирдүүлүгүн күч алдыруу үчүн, администрация туруктуу позициядан иш алып барып, аны АКШнын союздаштарына түшүндүрүүгө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Ал эми оппозициядагы Демократиячыл партиянын комитеттеги эң мартабалуу өкүлү болгон сенатор Жозеф Байден АКШнын позициясын "жеңилиш" деп мүнөздөп, Буштун администрациясы алты тараптуу сүйлөшүүдө шериктеринен бөлүнүп калганын сынга алды:

- Ушул тапта, эмне дебейли, шериктер бизден алыс турушат. Алардын көздөгөнү биздин максаттардан бөлөк эмес, бирок алар Түндүк Кореяга тийиштүү шарт түзгөн жок деп эсептешет.

Арийне, ушул шейшембиде Тышкы байланыштар комитетинде өткөн талкууда өкмөттүн иштери боюнча адистердин бири Буштун администрациясы өз шериктери менен кызматташып жатат, ал Түндүк Кореяны куралсыздандыруунун эң туура жолунда баратат деп ырастады.

Мамлекеттик катчынын Чыгыш Азия жана Тынч океан аймагы боюнча жардамчысы Кристофер Хилл Вашингтондун жалгыз көздөгөнү – Корей жарым аралын ядролук куралдан арылтуу экендигин АКШнын өкүлдөрү Түндүк Кореяга көп жолу эскерткенин белгиледи. Бирок Пхенян бул пикирди толук кабылдай элек.

Жыйында Байден жана башка сенаторлор Орусия менен Кытайдын Пхенянга жетиштүү кысым көрсөтпөй жаткандыгын да белгилешти. Хилл Түндүк Кореяны ядролук программасынан баш тарттыруу чындыгында да Орусиянын көздөгөнүнө жатаарынан күмөн санаганын жашырбады:

– Бул суроо белгилүү деңгээлде Кытайга да тийешелүү. Орусиянын Түндүк Корея менен тарыхый алакасын эске алганда, алардын саясий алакалары да күчтүү экенин, көп учурда бул жеке байланыштардын деңгээлинде экендигин, анан албетте экономикалык алакалар бар экендигин эске алганда, орустар колунда болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп жатабы деген суроо туулат? Ар ким колунан келген мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга тийиш экендигин ачык-айкын айтканбыз.

Эгер сүйлөшүүдөн майнап чыкпаса, Кошмо Штаттары маселени Бириккен Улуттарда көтөрүп, Коопсуздук кеңешин Түндүк Кореяга санкция киргизүүгө көндүрүүгө аракет кылышы мүмкүн. Бирок Кристофер Хилл бул кадамга Вашингтон анын ийгилигине ишенген күндө гана бараарын эскертти.

XS
SM
MD
LG