Саммитти утурлай сүйлөгөн сөзүндө Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозо элдин биримдикке болгон ишенимин кайтара албасак, шаркет туруктуу кризиске батат деп эскертти. Ишенимдин жоктугунан улам, Франция менен Голландиядагы референдумдар ушундай аяктады деген Баррозо, документти ратификациялоо процессинде тыныгуу алууга чакырды.
Европалыктарга континенттин келечегин талкуулоо үчүн убакыт бериш керек, - деди Еврокомссиянын төрагасы.
- Франция менен Нидерландыдагы Конституцияга кырын салуу маанайы тумоодой башкаларга да жугушу ыктымал. Биз этият болуп, ойлонуш үчүн танапис алууга тийишпиз.
Ушундай эле таризде Британиянын премьер-министри Тони Блэр Парижде президент Жак Ширак менен жолугушуусунан кийин сүйлөдү. Бирок европалык лидерлердин бардыгы эле мындай идеяга макул эмес. Франциянын өкмөт башчысы Доминик Де Вильпендин айтымында, ратификация процесси улантылууга тийиш, бардык мүчө-мамлекеттерге пикирлерин ортого салууга мүмкүнчүлүк берүү - демократияны урматтоо болуп эсептелет.
2007-2013-жылдардын бюджети айланасындагы талашты жөнгө салуу саясий кризисти чечүүгө салым кошоор эле деген Баррозо, бул - улуттук картаны ойноого ыңгайлуу учур эмес деп эсептээрин кошумчалады.
Талаштардын өзөгүн Британияга 1984-жылы берилген жеңилдиктерди алып салуу маселеси түзүүдө.
- Азыркы кырдаал 1984-жылдагыдай эмес. Албетте, Британияда спецификалык проблемалар кала берүүдө. Биз аны эстен чыгарбайбыз. Бирок абал өзгөрдү. Бизге 10 жаңы мүчө кошулду. Алар Британиядан алда канча жакыр. Британ өкмөтү муну жакшы түшүнөт деп ишенем.
Лондон жеңилдиктерди азыркы деңгээлде тоңдуруп коюууга макул болушубуз мүмкүн деп кыйытты. Бирок ал үчүн дыйкандарга берилген субсидиялар азайтылышы керек, - деп эсептейт Британия. Евробиримдиктин жалпы бюджетинин 40 пайызын түзгөн субсидиялардын басымдуу бөлүгүн Франция алат.
Париж болсо 2002-жылы түзүлгөн келишмге ылайык, субсидияларды кыскартууга жол берилбейт деп, Лондон менен кайым айтышууда.
Кечээ шаркеттин азыркы төрагасы, Люксембургдун өкмөт башчысы Жан-Клод Юнкер саммитте бюджет маселесинде мунасага жетишилбейт го деп, пессимисттик маанайын жашырган жок. Германиянын канцлери Герхард Шрөдер дагы анын оюна кошулат.