Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:32

“Мекенчилер” суракка чакырылууда


БИШКЕК. Улуттук коопсуздук кызматы “Мекеним - Кыргызстан” кыймылынын координациялык кеңешинин мүчөлөрүн суракка алып жатат. Бул тууралуу аталган кыймылдын мүчөсү Сыртбай Мусаев билдирди. Ал билдиргенге караганда, 18- июнда координациялык кеңештин мүчөлөрү Сыртбай Мусаев, Асан Жакшылыков, Чоюн Өмүралиев, Карыбек Байбосунов, Замир Тыныбеков жана башкалар Улуттук коопсуздук кызматында суракка алынышты. Азырынча эч ким камакка алынган жок. Сыртбай Мусаевдин пикиринде, муну менен сурак токтобойт, ал эми камакка алынган Мукар Чолпонбаевдин “Мекеним- Кыргызстан” кыймылына эч кандай тиешеси жок. Бирок 17- июнда өкмөт үйүнө чабуул жасагандардын арасында Мукар Чолпонбаев да жүргөн.

XS
SM
MD
LG