Президент Ислам Каримов Анжиандагы башаламандыкты сырткы күчтөр даярдашты деп билдирди. Каримовдун айтымында, “Анжиандагы иштерди түстүү ыңкылаптардын режиссерлору уюштурду”, бул козголоң “Бишкектеги окуялардын кайталанмасы болушу керек эле”. Анжианда ушундай иштер болорун Батыштагы журналисттер күн мурунтан билишкен, деп кошумчалады Каримов. Президент Владимир Путин россиялык атайын кызматтарда Ооганстандан Анжианга куралдуу лашкерлер өтүп келгени тууралуу маалыматтар болгонун белгиледи.