БИШКЕК. Учурда өлкөдө президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу боюнча ар кандай аракеттер көрүлүүдө жана ага карабай президенттик шайлоо үзгүлтүккө учурабай ийгиликтүү өткөрүлөт. Мындай пикирин БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 4-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди:
- Жалпы коомчулук мыйзам ченеминде президент шайланмайынча өлкөдө бейкуттук орноп, экономикалык өсүш болбой тургандыгын түшүнүштү. Ошондуктан президенттик шайлоо үзгүлтүккө учурабайт. Эл шайлоого келет.
БШКнын кызматкерлери жүргүзгөн иликтөөдө президентик шайлоодо кеминде жалпы шайлоочулардын алтымыш пайызы добуш берээри аныкталгандыгын кошумчалады. БШКнын маалыматына караганда, өлкө боюнча 2 миллион 670 миң шайлоочу бар жана 2 миң эки жүз шайлоо участогу ачылды.