Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

Кыргызстан элдик кыймылы билдирүү таратты


БИШКЕК. Кыргызстандагы президенттик шайлоого карапайым элдердин активдүү катышуусу коомчулуктун март ыңкылабын колдоосунун дагы бир белгиси. Мындай мазмундагы билдирүүнү Курманбек Бакиев жетектеген Кыргызстан элдик кыймылы 11-июлда таратты. Ошондой эле билдирүү ээлери 10-июлдагы шайлоо кыргыз элинин коррупциялашкан, авторитардык башкаруу системасында эмес, демократиялык саясий системаны тандап алууга болгон кадамы экендигин белгилешип, жаңы бийлик өлкөдө саясий, экономикалык реформаларды жүргүзүп, өлкөнү өнүктүрүп кете алаарына ишене тургандыгын билдиришкен. Кыргызстан элдик кыймылына тогуз саясий партия кирет. Аталган кыймыл март ыңкылабына чейин түзүлүп, элдик толкундоолорду жетектеген.

XS
SM
MD
LG