Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

ЖАҢЫ БИЙЛИКТИН КАТАЧЫЛЫКТАРЫ


Жаңы бийлик коррупцияга каршы күрөш жана Атамекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө артыкчылык берерин жарыялаган. Ал эми тышкы саясатта коңшуларга жакын болуу саясаты жүргүзүлөрү айтылган. Бирок 24-марттан бери бийлик бир катар катачылыктарга жол берип, сынга тушугууда.

Жергиликтүү талдоочулардын пикиринде, Кыргызстандын жаңы бийлиги 24-марттан бери бир катар калпыстыктарга жол берди. Алардын бири “Манас” аба майданындагы АКШнын базасына байланыштуу болду. Маселен, ири мамлекеттердин таасири менен кыргыз жетекчилиги Ооганстанда кырдаалды бир туруп туруктуу десе, көп узабай турукташуудан алыс деп баалады. Экономикада болсо өсүш басаңдап, курулуш материалдарына баа кескин жогорулап кетти.

Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев экономикалык абал тууралуу буларды билдирди:

- Чындыгында экономика боюнча жакшы ойлор айтылып, жакшы үмүт болуп жатты эле, азыр кайта ошонун баары ордуна келип калгандай болууда. Мүмкүн мурунку коррупционерлер эскиче жолун таап кеттиби? .

Маалым болгондой, азыркы учурда жогорку бийлик чөйрөсүндөгүлөр инаугурация маселеси менен алек болуп, Акүйдүн алдында оңдоп түзөө иштерин жүргүзүүдө. Бийликчил “Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылынын аткаруу комитенин төрагасы Алишер Абдымомунов коррупцияга каршы күрөш абалы тууралуу буларды билдирди:

- Коррупция ордунан козголо элек. Себеби коррупциянын катышуучулары 90-95 пайызы өз ордуларында отурат. Демек коррупциянын структурасына, тамырларына каршы күрөш жете элек. Ал эми экономикага келчү болсок, албетте, тамак-ашка баа өсүүдө. Цемент, шиферге баа кайрадан асмандап кетти. Бул деген мурунку кадрлар ордунда калып, демек, эски структура жашап жатат дегендик.

Алишер Абдымомуновдун пикиринде, жаңы өкмөттүн структурасы, мүчөлөрү аныкталгандан кийин алгачкы кандай кадамдар жасалат, мына ошондо көп нерсе айкын болот.

Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев да көп нерсе инаугурация болуп, өкмөттүн структурасы, мүчөлөрү аныкталгандан кийин айкын болот деген пикирде. Ал эми тышкы саясатка байланыштуу Дырылдаев мындай оюн ортого салды:

- Эгерде биз демократиялык өлкө боло турган болсок, анда демократиялык өлкөлөр менен бирге болушубуз керек. Ошого көз карашыбызды көрсөтүүбүз зарыл.

Рамазан Дырылдаевдын айтымында, Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн баары демократиялык эмес өлкөлөр. Мына ошондуктан алар менен кандай мамиледе болууну да аныктап алуу керек.

Борбор Азиадагы Америка университетинин вице-президенти Бакыт Бешимовдун пикиринде, алгачкы катачылыктарды түшүнүүгө болот. Анткени алга жылууда, саясатта катачылыктар болбой койбойт. Бирок биз АКШ базасын чыгаруу маселесинде аяр болуубуз керек деген Бакыт Бешимов буларга токтолду:

- Терроризмге, башка коркунучтарга каршы күрөшкө дагы көп күч, убакыт жумшаш керек. Ошондуктан биз АКШ менен жакшы, жемиштүү мамиледе болгонубуз дурус.

23-июлда болгон Кыргызстан элдик кыймылынын курултайында сөз сүйлөгөн Курманбек Бакиев 2-3-жылдын ичинде калктын турмушунда оңолуу болбосо, ал өзү жана 24-марттан кийин аны менен кошо бийликке келген күчтөр өтө уятка калаарын билдирген. Ага жол бербеш үчүн 14-августан кийин кандай кадамдар жасалат, аны мезгил көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG