Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Орусия Кыргызстандын карызын реструктуризациялашы ыктымал


БИШКЕК. 2005-жылдын 31-июлуна карата Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард 40 миллион 791 миң долларды түздү. Анын ичинде Кыргызстандын Орусияга болгон тышкы карызы 2005-жылдын биринчи январына карата 181 милллон долларга барабар. Кыргызстандын Каржы министрлигинин маалыматына караганда, 26-августта Кыргызстандын Каржы министрлигинин стат-катчысы Эмирлан Төрөмырзаев менен Орусиянын Каржы министрлигинин өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу болду. Анда Кыргызстандын Орусияга болгон тышкы карызын реструктуризациялоо боюнча келишимдин долбоору талкууланды. Ал эми бул келишимге эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын сентябрь айында Москвада болгон жолугушуусу учурунда кол коюлушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG