Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

Нааразы шайлоочулар Жогорку сот курамы менен кызматтан кетүүсүн кайрадан талап кылышмакчы


БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылдын февраль-март айларында өткөн парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болгон алты шайлоо округундагы талапкерлердин өкүлдөрү 9-сентябрдан тарта кайрадан нааразылык акциясына чыгышып, ачкачылык жарыялашат. Бул тууралуу №27, №6, №59-шайлоо округунун шайлоочуларынын атынан келген атуулдар 7-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиришти. Нааразылык акциясынын катышуучулары Жогорку соттун курамынын толук бойдон кызматан кетишин жана шайлоо жыйынтыгында мыйзам бузулган шайлоо участокторунда кайра шайлоо болушун талап кылышат. Ал эми ушул эле күнү Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов «Азаттыктын» кабарчысына «бир нече адам нааразылык акциясына чыкса эле Жогорку сот тарап кетпейт» деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG