Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

Автокырсыктан жети адамдын өмүрү кыйылды


БАТКЕН. Сентябрдын онунан он бирине оогон түнү Ош-Исфана жолунун Кадамжай районунун Жийделик айылына жакын жердеги бөлүгүндө мотоцикл менен «Мазда» автоунаасы кагылышып кеткен. Натыйжада “Урал” мотоциклиндеги алты кишинин баары, ал эми «Мазда» автоунаасынын айдоочусу каза таап, эки киши ооруканага оор абалда жеткирилген. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Эркин Эсеналиев окуяга кубө болгондор “Урал” мотоциклиндеги 22 жаш курактагы алты жигиттин баары мас абалында тойдон кайтканын айтып жатышканын 12-сентябрда “Азаттыкка” билдирди. Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.

XS
SM
MD
LG