Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

ЛЕХ КАЧИНСКИ ПОЛЬШАНЫ КАЙСЫ БАГЫТКА БУРАТ?


Байкоочулар жекшемби күнү Польшанын президенти болуп шайланган Лех Качинскини америкачыл, антироссиячыл жана Германияга карата астейдил деп мүнөздөшөт. Бул шайлоо өнөктүгү учурундагы Качинский. Андыктан, Польша Чыгыш коңшуларындагы демократияны дагы бекем колдоп, Москва-Берлин ортосунда түзүлгөн газ боросунун курулушу жөнүндөгү келишимге каршы туруп, Евробиримдик менен Россияга бир кыйла түйшүк алып келет, деп боолгошот талдоочулар. Бирок шайлоо өнөктүгү “өттү-кетти”, өкмөт карманчу саясат “турмуш чындыгына” таянып жүрбөсүн?

Варшава шаарынын мэри Лех Качински президент шайланганы маалым болгондон бир күн алдың Польша тышкы саясатта карманчу жолдун багытын мындайча чийип берген:

– Ар бир визит эки жактын макулдугун талап кылат. Ошентсе да, мен оболу Вашингтонго барууну каалайм. Ватиканга да барам деп үмүт кылам. Албетте, Польша негизинен роман-католик өлкөсү болгондуктан, бул өтө маанилүү. Андан соң Брюсселге биздин европалык өнөктөрүбүзгө жана Киевге аттанам.

Вашингтон. Ватикан. Брюссел. Киев. Төрт башка багыт.

Польша коммунисттик башкаруудан бошонгондон бери коопсуздук жүйөсүнөн жана башка себептерден улам америкачыл саясатты карманып келет. Президенттик мөөнөтүн аяктаган Александр Квасневски АКШнын Ирак согушун колдоп, Белорус менен Украинадагы демократиячыл топторду да тиреп-жөлөп келди. Качински да ушул саясатты айныбай жүргүзөт, лекин союздаштары алдына өлкөнүн кызыкчылыгына кайчы келген кээ бир маселелерди кырынан койору талашсыз, дешет талдоочулар.

Өзгөчө, сентябрда Россия менен Германиянын - Польшага масилээт салбай туруп-Балтика деңизинин түбү аркылуу өтүүчү газ боросун курууну макулдашканына Варшава өтө кыжаалат. Себеби, бир жактан, эки жактуу келишим Варшаваны бородон алынчу унаа салыгынан куру жалак калтырат. Экинчи жактан, Варшава Евросоюздун экономикалык коопсуздугу уюмга мүчө 25 өлкөнүн коопсуздугуна байланыштуу, деп маселе коюшу талашсыз.

Варшавалык белгилүү эксперт Евгениюс Смолардын айтышынча:

- Жаңы өкмөт кандай жол менен болбосун бир жактуу келишим түзүү Евробиримдиктин тажрыйбасына каршы келет деп Берлинге айтарынан шек санабайм. Долбоор боюнча алдын ала консултация болгон жок. Бул Польшанын экономикалык кызыкчылыгына, ошондой эле коопсуздугуна тийиштүү маселе.

Буга чейин Балтика өлкөлөрү Германиянын бийликтен кетип жаткан канцлери Герхард Шрөдер кол койгон көгүлтүр отундун боросун Москва “саясый буроо” катары пайдаланат, айлана чөйрөгө да зыян келтирет деген тынчсызданууларын билдиришкен. Долбоордун экологияга тийгизчү таасирине Швеция, Финляндия, Норвегия да көңүл бурушкан.

Шайлоодон кийин Польшанын жаңы президентинин добушу басаңдай баштады. Качински Экинчи дүйнөлүк согушта мүлкүн жоготкон айрым германиялыктардын Польшадан компенсация талап кылуусун сындады. Лекин немецтердин “Bild” гезитине берген интервьюда “германиялыктар биздин өнөктөшүбүз жана досубуз” деп, баса белгиледи.

Качински Москва жөнүндө кеп кылганда да, үнүн бийик көтөрбөй калды. Анын жайын Варшавадагы бейөкмөттүк Чыгыш Европа демократия борборунун талдоочусу Павел Казанески мындайча боолгойт:

- Белорус менен Украинадагы жагдайды эске алганда, Польшанын Россия менен болгон алакасында чоң проблемалар бар. Мына ушул геосаясый кырдаалда, жаңы шайланган президент Польша үчүн Россия менен карым-катнашты жакшыртуу зарыл деп жарыялады. Бул, саясый жактан алганда, Белорус жана Украина багытында эмнени түшүндүрөөрүн айтуу кыйын.

Эксперт бирок Лех Качински “Белорус менен Украинадагы жана башка өлкөлөрдөгү демократияны колдоо улантылат” деген убадасынан жаза тайбайт, деп ишенет.

XS
SM
MD
LG