Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:12

Жер берүүнү талап кылган пикет өттү


БИШКЕК. Шейшембиде Бишкек мэриясынын алдына 50дөй адам пикетке чыгышты. Алар шаар бийлигинен башкалаадан болбосо да Чүй аймагынан жер берүүнү талап кылышууда. Пикетчилер президент Курманбек Бакиев шайлоого чейин жер берүүнү убада кылып, шайланып алгандан кийин биздин муктаждыктарды унутуп калды, деген ойлорун айтып жатышты. Президент Курманбек Бакиев жер маселесин кайсы бир күчтөр атайын чуулдатып жатат, деп билдирген. Ага чейин биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов Бишкектен бир да чарчы метр жер берилбейт деп айткан.

XS
SM
MD
LG