Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:16

ЭЛ АРАЛЫК СООДА МАСЕЛЕСИНДЕ ТАЛАШ АРБЫН


Жума күнү Түштүк Кореяда дүйнөлүк сооданын жарымын камсыздаган 21 өлкөнүн лидерлеринин саммити башталат. Азия-Тынч океан экономикалык кызматташуу уюму, же кыскача АПЭК деп аталган бирикме өз ара эркин экономикалык аймак түзүү маселесин көптөн бери талкуулап келатат.

Азия-Тынч океан экономикалык кызматташуу уюмуна АКШ, Жапония, Кытай жана Орусия баш болгон дүйнөлүк соода лөктөрү кирет.

Байкоочулардын айтымында, 16 жыл мурда түзүлгөн АПЭК уюму андан бери иш жүзүндө экономикалык талкуулар клубуна айланды, далай дымактуу пландар турмушка ашпай келет, анткени ага кирген өлкөлөр ортосундагы айырмачылык, талаш-тартыштар арбын.

Лондондогу Европалык реформалар борборунун изилдөөчүсү Ауроре Ванлин дал ушул жагдайга басым жасайт:

- Чөлкөмдөгү жакындашуу жаатынан алганда, бул бирикме алыска бара алган жок, баштаган жеринде эле турат деп айтсак болот. Бирок ага кирген өлкөлөрдүн дүйнөлүк маанисинен алганда, албетте, АПЭКтин таасири жогору.

Ушул жума-ишемби күндөрү Түштүк Кореянын Бусан шаарында чогулган 21 өлкөнүн ырасмий өкүлдөрү АПЭКтин аброюн өзгөртүп, экономикалык уюмдун натыйжалуулугун арттырууга белсенгенин айтышууда.

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин эл аралык экономикалык иштер боюнча орун басары Фарьяр Ширзад Азия-Тынч океан кызматташуу тобу Дүйнөлүк соода уюмунун саясат, күн тартибине таасир эте ала турган күчтүү бирикме экенин белгилейт.

Атап айтканда, декабрь айында Гонконгдо Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөлөрдүн министрлеринин жыйынында өз ара соода байланыштарын либералдаштыруу жөнүндөгү Дохада башталган узак мөөнөттүү сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыгаруу аракети жасалмакчы.

Эгерде ички талаш-тартыш, келишпестиктерден улам эч кандай жыйынтык жасалбай калса, анда Дүйнөлүк соода уюмунун бедели зыян тартып калышы мүмкүн, - дейт Брюсселдик аналитик Дэвид Кернахан.

- Көп тараптуу сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай калса, биринчи кезекте чакан өлкөлөр жабыр тартат.

Анткени Кернахандын айтымында, байланыштар Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында чечилбесе, ири жана күчтүү мамлекеттер чакан өлкөлөр менен экономикалык мамиле-катышты эки тараптуу негизде гана жүргүзөт, андай болгондо, турмуш көргөзгөндөй, ар дайым ири мамлекеттер утушта болот.

Андан тышкары айыл-чарба тармагындагы талаштар да али күчүндө. Евробиримдиктин өз айыл-чарба тармагын каржылап, дотациялап келатканына АКШ, Австралия, Аргентина өңдүү айыл-чарба товарларын экспорттоочу өлкөлөр каршы.

Алар гана эмес, дыйкандарынын товарларын сатууга кызыкдар майда мамлекеттер да Евробиримдик дүйнөлүк бааларды жасалма түрдө арзандатууда деп нааразы.

Евробиримдик буга чейин айыл-чарба товарларынын тарифин орто эсеп менен 46%га кыскартууга макул болгон, Брюсселдин өкүлдөрү мындан артык кадамга бара албайбыз, - деп билдирүүдө.

Евробиримдик өз кезегинде башка товарларга тарифтерди кыскартууну Бразилия, Индия, Кытайдан талап кылып келатат.

Айтор, дүйнөлүк соода-сатыкты либералдаштырууга АПЭК уюму али даяр эмес, аны көздөй алгачкы кадамдарды талкуулап жаткан Бусандагы саммитке АКШ жана Орусиянын президенттери баштаган лидерлер катышууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG