Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Иракта парламенттик шайлоо башталды.


Иракта 15-декабрда өтө турган парламенттик шайлоонун алкагында бүгүн айрым жарандар добуш бере баштады. Шайлоо - ооруканаларда, абактарда жана башка коопсуздук түзүлүштөрүндө өткөрүлө баштады. Эртең добуш берүү - 15 чет өлкөдө жашаган Ирак жарандары арасында да өткөрүлөт. 15-декабрдагы шайлоо алдында өлкө бийлиги көптөгөн коопсуздук чараларын да көрүүдө. Багдад шаарынын көчөсүндө бүгүн бир машине жарылып кеткенден үч адам курман болду, шаардын башка аймактарында чыккан куралдуу кагылышуулардан беш адам окко учту.

XS
SM
MD
LG