Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Нарында арыз-даттануулар болгон жок


НАРЫН. Нарын облустук шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Сыдык Байтоков облус боюнча шайлоо тизмесине кирген 87348 шайлоочунун 13,55 пайызы саат 12 чейин добуш бергендиктерин билдирди. Ушул маалга Акталаа районунда шайлоочулардын 22,56 пайызы бюллетень салышкан болсо, Кочкор районунда көрсөткүч 4,58 пайызды түзүп, же болбосо саат он экиге карата 1407 гана шайлоочу участкаларга келген экен. Саат түшкү экиге чейин жер-жерлерден бир да арыз-даттануулар шайлоо комиссиясына түшкөн жок, деп билдирди Сыдык Байтоков. Бул күнү облустагы 42 айыл өкмөт башчылык орун үчүн 170 талапкерге добуш берилүүдө. Талапкерлердин он бири айымдар жана он жетиси партиялар аркылуу жылдырылса, жетимиш үчү өзүн-өзү көрсөткөндөр.

XS
SM
MD
LG