Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:36

Кыргызстанда маалымат каражатарына кысым көрсөтүү башталдыбы?


БИШКЕК. Жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү Агропромдун имаратында жайгашкан “Акыйкат тагдыры” гезитинин кеңсээси белгисиз адамдар тарабынан тонолду. Редакцияга тиешелүү компьютердин маалымат сактаган тетиктери уурдалды.
Аталган гезиттин баш редактору Нургазы Анаркулов 19-декабрда “Азаттыкка” бул окуяны бийликте отурган айрым адамдардын гезит редакциясын коркутуу аракети катары баалай турганын билдирди Анын айтымында, “Акыйкат тагдыры” гезити азыркы бийликтин, жаңы өкмөттүн иштерин, туура эмес жактарын сындаган материалдарды чагылдырып келген. Бул окуя боюнча Бишкек шаардык 1-май райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG