Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

ОРУСИЯДА ИММИГРАНТАР МАСЕЛЕСИ ЛИБЕРАЛДАР, ЧЕКИСТТЕР ЖАНА ФАШИСТТЕР ОРТОСУНДА ТАЛАШКА ТҮШҮҮДӨ


Муса Мураталиев, Москва Орусияда иммигранттар маселесин талкууга алуу кийинки учурда көбүрөөк айтыла баштады. Президент Владимир Путиндин сунушу боюнча алардын арасынан жарандыкка алуу кеби да козголууда. Орусиянын Федералдык адам укугун коргоо уюму түзгөн эксперттик топ иммигранттарга мунапыс жарыялоо концепциясын иштеп чыккан. Маскөөдө бейшембиде ошол документтин долбоорун талкуулоо болуп ага өлкөнүн миграциялык кызматынан, улуттук диаспоралар өкүлдөрү, адам укугун коргоочулар катышкан. Анализчилер баамында өлкөдө эмгек этип жүргөн канчалаган чет өлкөлүк жарандар абалы дагы кыйла жылдар оор бойдон кала бермекчи. Анын башкы себеби ушубакка дейре чет элден ооп келип аткандар абалын теске сала турган мыйзамдын жоктугу дешүүдө.

Орусияда башка элдерден ооп келип аткандарды эл кылуу саясаты жакында эле башталды. Аны президент Путин оозангандан кийин саясий төбөлдөр оозана башташты. Анализчилер талдоосунда мындай иш аргасыздын болуп атат. Эмне дегенде өлкөдө жыл сайын калктын саны болуп көрбөгөндөй азаюунун үстүндө дешет. Маселен, бир эле 2004 жылы орусиялыктар эсеби 700 миңден ашуун адамга азайган.

Ошол эле учурда карапайым орустардын азыркы тушта чукулку чет өлкөдөн ооп келип аткандарды көрөйүн деген көзү жок экенин айтышат. Көөдөндөн алган оор турмушту ар жактан ооп келип аткандар ала келгендей көрүп, иммигранттарга алар кастарын тигүүдө дешет. Мындай абал улутчулдар чыгарына май тамызып, айрыкча жаштар арасында «өз-өгөй» маанайын жаратып, фашизм идеологиясын мурас кылгандарды баш көтөртүп атканын айтышат.

Алардын дидаарын маскөөлүктөр 4-ноябрде көрүштү. Ал жолу бир нече миң улутчулдар, либералдар «фашисттер» атаган дээлик жаштар: «Орусия орусттар үчүн!», «Маскөө - орустар шаары!», «Мыйзамсыз келип аткандар –сионизм камчысын чапкандар» деген ураандарды көтөрүп көчөдө жүрүш жазашты. Кезегинде германдык нацисттер жазагандай оң колун өйдө карай көтөрүп ураан-чакырык айтып айкырышты.

Алар менен күрөшүүгө бийликтин көөнү жок экенин ал тургай «чекисттер фашисттер кыймылына кызыктар» экенин 18 декабрде өткөн либералдар жүрүшүндө, маселен, «Жарандар коому» кыймылынын лидери Гарри Каспаров айтты.

Көчүрүлүп кондурулган уюмдар форумунун төрагасы, Лидия Графованын айтканына караганда, былтыркы жылдын август айынан тарта Орусия федералдык адам укугун коргоо уюмунун эксперттери иммигранттарга мунапыз жарыялоо концепсиясын даярдоого киришип азыр аны мыйзам органына сунуштоо алдында турат. Азыркы тушта аны ар кайсы обулустарда турмушка ашырыла баштаганы да айтылат:

«Башкы иммиграциялык кызматы сыноо ирээтинде азыркы учурда эмгек этүү үчүн келгендер арасынан мунапыз жарыялап (атуулдукка алуу – ММ) ишин жүргүзүүдө», -дейт Лидия Графова.

Бирок мунапыз берип атуулдукка алуу дегинкиси эмгек этүү үчүн келгендер үчүн гана бериле тургандыгын Орусия федералдык иммиграциялык уюмдун кызматкери Наталия Власова айтат:

«Азырынча биз чукулку чет өлкөлөрдөн келгендерди кабылдоо менен чектелебиз. КМШ өлкөлөрүнөн эмгек этүүгө келген иммигранттар эсеби орусиялык жерде иштеп атышкан эмгек иммигранттар жалпы санынын үчтөн экисин түзөт», - дейт.

Иш издеп Орусия келген мекендештерибиз ошончо эле миллион же канча жүздөп эмес экенин Кыргызстандын миграциялык кызматынын Орусиядагы өкүлү Тажимамат Шаболотов айтат:

«Орото эсеп менен алганда 250 миңдин тегерегинде кыргызстандыктар бар, ошондо да алардын көбү, кыш айларында Кыргызстанга кайтып кетип турушат экен», - деди.

Мамдумада кабыл алынганы калган президент Путиндин сунушу боюнча башка элдерден качып, көчүп келгендерди жеңилдетилген жол менен жарандыкка алуу иши деле иммигрантар маселесин чечип ийбейт дешкендер бар. Орусиялык либералдар жекшембиде митинг үстүндө оозанган «чекисттер» үчүн «фашисттердин» иммигранттарды жерүүсү абдан керек. Андай болгондо калкка ошондой күчтөн коргоп калуучу кубат керек. Андай кубат кимде бар? Башкарылма демократия ээлеринде, азыркы бийликте бар деп айтышууда.

XS
SM
MD
LG