Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

ОРУСИЯДА МУСУЛМАНДАР ДИСКРИМИНАЦИЯЛЫК МАМИЛЕГЕ НААРАЗЫ БОЛУУДА


Жаныл Жусупжан кызы, Прага : Кыргызстанда кайсы гезитти ачпаңыз, баланчадай кызматка "сулуу жаш кыздар ишке алынат" деген жашы жана жынысы боюнча дискриминациялоочу жарнаманы кадыресе көрүнүш. Буга нааразы болуп, чуу чыгарган киши жок. Ал эми Орусияда квартира издегендерге "орустардан башкалар кайрылып, убара болбосун" деген жарнамаларды расалык дискриминация деп эсептеген мусулмандар жамааты прокуратурага кайрылды, бирок андан майнап болоору күмөн. Демократиянын туу чокусуна жеткен Батыш өлкөлөрүндө деле мындай дискриминация жок эмес, бирок айырмасы, ага жол берген тарап сот алдында жооп берип калат.

Орусиянын түндүк-батышындагы Карелияда мусулмандардын диний башкармалыгы өткөн айда аймактык эки гезиттин квартиралар орустарга гана сунуш эткен рекламаларды жарыялашкандыгына даттанып, жергиликтүү прокуратурага арыз менен кайрылышты. Алар мындай жарнама алардын намысына тийгенин айтып, анын мыйзамсыз экендигин эскертишти. Санкт-Петербургдагы мусулмандар тобу да шаардык прокурорго ушул эле мазмундагы арыз менен кайрылышты. Эки топ тең прокурорлор тийиштүү чара көрбөсө, кылмыш ишин козгоо талабын коюшаарын айтышууда.

Нафигулла Аширов - Орусиянын Азия тарабынын башкы муфтийи. Ал Азаттыкка мындай жарнамалар расисттик маңызга ээ экендигин, көп улуттуу, көп дин тутулган өлкөдө мындай нерсеге жол берүүгө таптакыр болбой тургандыгын билдирди. "Кошмо Штаттарында кимдир бирөө "квартира ижарага берилет, негрлер кайрылып, убара болбой эле коюшсун" деп реклама берсе даана жаңжал чыкмак" деп белгилейт муфтий. Бирок мындай жарнамага Орусиянын мыйзамдарында тыю салынганбы, кеп ушунда.
Анна Володина Маскөөдө жайгашкан "Айкындуулукту коргоо корунун адвокаты. Бул кор Орусиядагы маалымат каражаттарына укуктук колдоо көрсөтүп, сөз эркиндиги бузулган учурларды көзөмөлдөйт. Володина бул суроого түз жооп жок дейт. Анткени, мыйзам өтө ортозаар тил менен жазылгандыктан, аны каалаган жакка бура бериш мүмкүн. Ошондуктан, адвокат мындай арыз боюнча коргоо ишине аралашпайт элем дейт.

Батышта ижара жаатындагы анти-дискриминациялык мыйзамдар күчтүү. Албетте, бул жакта такыр дискриминация жок эмес, бирок ага жол берген адам мыйзам алдында жооп берип калат. АКШнын Үй менен камсыз кылуу жана шаарды өнүктүрүү департаментинин Интернеттеги сайтында "турак жайды ижарага берүүдө же сатууда расалык, улуттук, диний, сексуалдык, үй-бүлө макамы боюнча, саламаттыгына байланыштуу дискриминацияга Атуулдук Укуктар Актысы тыю салаары эскертилет. АКШнын Турак-жай менен акыйкат камсыз кылуу законунда "турак-жайды ижарага бергенде расага жана жынысына карата сөз айтуу, гезитке маалымат жарыялоо мыйзамга каршы келет" деп айтылат.

Францияда Расизмге каршы жана Элдер арасындагы Достук Кыймылынын маалыматына ылайык, бул өлкөдө калктын бир бөлүгүн чектөөчү рекламаны элестетүүгө да болбойт. Бул уюм расизмге байланышкан бир катар сот иштерин баштап, утуп алган. анын ичинде актриса Бригит Бардону мусулмандардын кой сою жөрөлгөсүн сынга алганы үчүн сотко берип, актриса 1 500 доллар айып төлөп калган жайы бар.

XS
SM
MD
LG