Израил палестиндер ракеталык чабуулун токтоткондон кийин “жабык зона” жарыяланган Газа тилкесинин түндүк тарабын минометтордон аткылады. Чабуулдан бир палестин согушкери жана бир өспүрүм жараат алышты. Палестин лидери Махмуд Аббас окуяны айыптап: “Бул маселе жооп кайтарууга татыбайт. Айыптагандан башка арга жок. Израил Газа тилкесинен чыгып кеткенден кийин кайра келүүгө укугу жок болчу”, - деп белгиледи. Израил бу жолку чабуул чектеш шаарларга палестиндер ракета жаадырганынан улам орун алганын айтууда.