Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Аскар Акаев: Кыргызстанга келүүчү күн алыс эмес


БИШКЕК. Кыргызстанга кайтып барууга мурдагыдай эле азыр дагы ынтызар экендигин экс-президент Аскар Акаев жаңы жыл алдында «Аналитик. кж» интернет баракчасына берген интервьюсунда билдирди. Ал өзүнүн жана үй бүлөсүнүн коопсуздугун камсыздаган Конституциядагы экс-президенттик кепилдиктерден пайдалануу укугу бар экендигин белгилеген. Ал эми өзүнүн байлыгына байланыштуу март окуясынан кийин көтөрүлгөн маселени Акаев март төңкөрүшүнүн башчылары ойлоп тапкан миф деп санайт Кыргызстандын башкы прокурору Камбараалы Конгантиев жыл этегинде уюштурган маалымат жыйынында Акаевдин мүлкүн эл аралык деңгээлде издөө милдетин алган адвокат Либермен бир да тыйын таба элегин билдирген. 24-марттагы окуянын маалында Аскар Акаев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Муну качып кетүү деп баалаган революциячыл саясатчылар Аскар Акаевди экс-президенттик кепилдиктерден ажыратуу зарыл деп санашууда. «Асаба» улуттук кайра жаралуу саясий партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин кайрадан шайланган депутаты Азимбек Бекназаров Акаевди экс-президенттик кепилдиктерден ажыратуу аракеттерин улантаарын билдирүүдө. Буга чейин Акаевдин уулу Айдардан депутаттык кол тийбестик алынып, кызы Бермет депутаттык мандатынан ажыратылган.

XS
SM
MD
LG