Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

«Human rights Watch” уюму Бакиевди качкындарды Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө чакырууда.


"Кыргызстан качкындарды Өзбекстан бийликтерине кайтарып бербеши керек, себеби алар ал жакта уруп-кыйноого алынат." Мына ушундай чакырык менен Human Rights Watch уюму 30-декабрда Президент К. Бакиевге кайрылган.
«Биз Кыргызстандын өзүнүн эл аралык укуктук милдеттенмелерин аткарып, баш калка издеп жаткан адамдарды коргоп алууга Президент Бакиевди ынандырмакчыбыз», - деп билдирет Холи Картнер, «Human rights Watch” уюмунун Орто Азия жана Европадагы бөлүмүнүн аткаруучу директору.
Беш өзбек жараны азыркы учурда Кыргызстанда убактылуу тергөө жайында кармалып турушат жана алар Өзбекстанга өткөрүлүп берилиши да мүмкүн. БУУнун качкындар башкармасы алардын төртөөн –Якуб Ташбаевди, Расул Пирматовду, Жахонгир Максадовду, Одилжан Рахимовду - качкындар катары тааныган. Бешинчиси - аты белгисиз Таджихалилов - качкын макамын ала элек. Өзбекстан бул адамдарды 2005-жылы май айында болгон Анжиян окуяларына катышкан деген негизде кайтарып берүүнү суранган.
«Human rights Watch” уюму жүргүзгөн иликтөөлөр өзбек бийликтери Анжиян козголоңун басуу мезгилинде көптөгөн куралы жок карапайы калктын каны төгүлгөнүн көрсөткөн.
Ошондон кийин өзбек бийликтерин алар күбөлөрдү бийликтин мыйзамсыз аракеттерин актаган гана көрсөтмөлөрдү алуу максатында уруп-кыйноого алып жатканы жөнүндө укук коргоочулар сындап келатышат.

XS
SM
MD
LG