БИШКЕК. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин жетекчиси Турсун Турдумамбетов менен жолугушту. Анда Манас аба майданына байланыштуу маселе каралып, америкалык базадан мамлекеттик бюджетке каражат түшпөгөндүгү белгиленди. Маалыматтарга караганда, үстүбүздөгү жылы Манас эл аралык абамайданынын жалпы кирешеси 1 млрд. 177млн. сомду, чыгашасы 1 млрд. 049 млн. сомду түзөт. Накта кирешеси 68 млн. сомго барабар. Ал эми Ганси авиабазасынан 505 млн. сом киреше түшөт.
Спикер Өмүрбек Текебаев Манас аба майданына жылына жок дегенде 50 млн. доллар киреше түшөөрүн белгилеген. Ал ошондой эле аба майданга тиешелүү жерлерди ижарага берилүү боюнча мыйзам долбоорун парламент иштеп чыгарын билдирген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан 4-январда билдиришти.