Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

САЛЫК ЖҮГҮ АЗАЙАТ: АЛДЫДА ӨКМӨТТҮН ТАЛКУУСУ ТУРАТ


Жаңы Салык кодексин 5-январда өкмөт мүчөлөрү өз алдынча талкуудан өткөрүштү. Андагы айтылган сын пикир, сунуштарды жыйынтыктап өкмөт кодексти дагы бир ирет көздөн өткөрүп парламент талкуусуна коюшу ыктымал. 2004-жылдын февралынан башталган жаңы Салык кодекси биртоп талкуулардан өттү. Ашып барса алты айда бүтчү негизги экономикалык мыйзам минтип экинчи жылды өткөрүп, дагыле парламент талкуусуна жете элек.

Салык кодексинин кыйла убакыт даярдалып калышынын олуттуу дегидей себеп-жөнү бар. Мурдагысынан айырмаланып ал жөнөкөй, так жазылышы керек болчу. Ар кандай эки ачакейлик, кош маани алып талаш чакырган учурлардын баары эми салык төлөөчүнүн пайдасына чечилет. Буга кошумча жаңы кодексте салык жыйноочулардын укуктары кеңейтилип, салык төгүүчүлөрдүкү кыйла тарып калганы талкуу-жыйындардын дээрлик баарында айтылып келди.

Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча, жаңы кодекс ириде ишкердик кылуучуларга кеңири экономикалык мүмкүнчүлүк берүүнү көздөйт.

- Салык жаатындагы реформаларды аягына чыгалы деп жатабыз. Бир салык төлөөчүгө бир эле текшерүүчү орган болсун деп жатабыз. Ошону менен бирге салыктын санын кескин азайтабыз деп атабыз дагы, түшүнүктүү жеке эле салык чогултуучуларга эмес, салык төлөөчүлөргө да түшүнүктүү Салык кодексин жазып чыгалы деп жатабыз.

Жаңы Салык кодекси бул ирет өкмөт салыктардын түрлөрүн азайтып, кошумча нарк, жеке киреше, пайда салыктарынын өлчөмүн 10% түшүрүү, сырттан ташылып келинген жабдуулардан кошумча нарк салыгын алып салгандан кийин даярдалып жатат. Айыл чарба өндүрүшчүлөрү да кошумча нарк салыгынан бошотулат, дыйкандар эми мурдагысындай эле жалгыз жер салыгын гана төлөшөт. Мындан тышкары жергиликтүү салыктардын саны он алтыдан алтыга чейин кыскартылат.

- Салыктарды азайткандан кийин, айыл чарбасынан кошумча нарк салыгын алып койгондон кийин, жабдуулардан салык алмайды токтотуп, кошумча нарк салыгын 500 миң сомун 2,5 миллион сомго көтөргөндө чын эле бизде бюджетте 470 миллион сом киреше түшпөй калып жатат. Биз муну башка салыктардын деңгээлин көтөрүү менен, тактап айтканда, алкоголдук ичимдиктерден алынчу акцизди 1 литрге 3 сомдон көтөрөлү деп жатабыз. Анан шаардагы жер салыгы, көптөн бери шаардагы 1 чарчы метр жердин салыгы 16 эле тыйын экен. Өзүңүздөр көрүп атасыздар, Бишкекте 5 сотук жерди 10 000 долларга сатып алып жатышат. Муну биз 3 эсе көтөрөлү десек, парламенттегилер 5 эсе көтөргүлө деп жатышат. Ушундай аракеттерди жасайлы деп жатабыз,- дейт Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров.

Салык түрлөрү менен өлчөмдөрүнүн кыйла кыскартылышы быйылкы жылдын маңдай жылытпаган экономикалык ахывалына кептелген өкмөттү да катуу ойлонтуп койгон белем, эмдиги жылдын экономикалык өнүгүү ыраатын ал 5,4% деңгээлине жеткирүү болжолун куруп отурат.

Өкмөттүн өзгөчө үмүт арткан төрт тармагы, атап айтканда, ички дүң продукттун 40% жакынын түзгөн айыл чарбасын аксатып келаткан кайра иштетүү өнөр жайын көтөрүү, энергетика тармагын реформалоо, тейлөө кызматын жакшыртуу, курулуш ишин жандантуу жүзөгө ашырылбаса салык реформасы жакшы натыйжа бериши да күмөн. Өкмөт башчы Феликс Кулов ырасташынча, салыктын айрым түрлөрүнүн азайышы эмдиги жыл бюджетине сөзсүз таасир тийгизет.
- Мунун баары бюджетке байланышкан. Ошондуктан айрым салыктардын азайышы, башкаларынын көбөйүшү бюджетте көрсөтүлдү.

Буга чейин экономикалык аракет-кыймылдарынын баки-жогун эларалык валюта корунун уруксатына байлап келген кыргыз өкмөтүнө салык реформасын жүргүзүүгө Эларалык валюта кору каржылык колдоо көрсөтө тургандыгын ЭВФтин Кыргызстандагы өкүлү Майкл Меред да бышыктаган:

- Биз салык реформасынын жүзөгө ашырылышы боюнча көмөк көрсөтүү тууралуу кыргыз өкмөтү менен макулдаштык. Өзгөрүүлөр салык саясатында жана салык жыйноо тарабында болот.

Өкмөттүн макулдугун алган жаңы Салык кодекси парламент талкуусуна коюлмакчы. Кодекс азырынча аткаруу бийлигинин жактыруусуна ээ боло элек. Ошол себептүү быйылкы жылдын бюджетине киргизилген салык саясатындагы өзгөрүүлөр кыязы, маалынан кечигибирээк мыйзамдык негиз алат окшоп калды.

XS
SM
MD
LG