Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Мекеде ураган мейманканада Кыргызстандыктар жок


БИШКЕК. Мекеде урап түшкөн мейманкадан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Набыт болгон жана жаракат алгандар зыяратка барышкан тунистик, египеттик атуулдар экендиги аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Нуржигит Кадырбеков “Азаттыкка” билдирди. Сауд Аравиясынын Ички иштер министрлигинин тараткан маалыматына караганда, бейшемби күнү Мекеде Кабаанын жанындагы мечитке жакын жайгашкан мейманкада өрт чыгып, аны өчүрүү мезгилинде имарат кулап түшкөн. Анын кесепетинен зыяратка барышкан 20 адам курман болуп, 59 киши жаракат алган.
Быйыл Меккеге зыяратка дүйнөнүн 160 өлкөсүнөн 2,5 млн. адамдын барышы күтүлүүдө.

Аба ырайы тууралуу маалымат

БИШКЕК. Метерология борборунун маалыматы боюнча, 7-январда Чүй, Жалалабат, Ош, жана Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде кыламык кар жаап, туман каптайт. Калган аймактарда кар жаашы күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Талас, Чүй облустарында түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5 градус суук.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5 градус суук болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -20...-25, күндүз -9...-14 градус.
Бишкекте мезгил-мезгили менен туман каптап турат. Кар жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -12...-14, күндүз -1...-3 градус суук болот.




Кабарларды Азиза Турдуева, Аманбек Дилденбай жана облустук кабарчылар даярдашты.

Редактору Кубат Чекиров.

XS
SM
MD
LG