Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

М. Эшимканов: «Кыргызстан чоң саясий кагылышуулардын алдында турат»


БИШКЕК. Азыр өлкө чоң башаламандыктардын алдында турат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократиялык партиянын төрага орунбасары Мелис Эшимканов 6-декабрда билдирди:

«Азыр биз аябай опурталдуу окуялардын, граждандык согуштун, региондук, уруучулук күрөштүн алдында турабыз. Коррупциянын тамырлары жайылып жатат. Эң өкүнүчтүүсү – биз мамлекетибизди көз алдыбызда жоготуп жатабыз», - деди Мелис Эшимканов. Ал эми «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев мындай билдирүү негизсиз деп эсептейт:

«Кыргызстан граждандык согуштун алдында турат деген пикирге мен кошула албайм. Анткени, ага эч кандай негиз жок. Мүмкүн бул К. Бакиев башындагы азыркы бийликти кандай жолдор менен болсо да тез арада кетирип, өздөрү бийлик башына келүүнү эңсеп, контрреволюцияны каалап жаткан, жамандыкты издеген адамдар тарабынан айтылып жаткандыр. Алар мындай сөзү үчүн жооп бериши керек. Мен Кыргызстанда бул жылдан тарта элдин турмушу оңоло баштайт деп ишенемин», - деди Топчубек Тургуналиев.

XS
SM
MD
LG