БИШКЕК. Атактуу спортсмен, грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Раатбек Санатбаевдин сөөгү 10-январда Бишкектеги Аларча көрүстөнүнө коюлду. Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн аза күтүү каадасына бийлик өкүлдөрү, маркумдун жек-жааттары, устат-шакирттери болуп, баш-аягы беш миңден ашуун адам катышты. Казакстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, маркумдун устаты Эржан Ахметов Раатбекти мындайча эскерди:
- Кантип бир адамды алып кала албадыңар, кыргыз туугандар! Спорт жаатында мен Раатбектен өйдө кыргызды билбейм. Ал көп элде, көп жерде кыргыз туусун бийик көтөргөн жигит эле. Менин бир канатым сынды…
8-январдын кечинде Раатбек Санатбаев машыгуудан кайтып, 7-микрорайондогу бир тууганынын үйүнө кирип баратканда ага белгисиз бирөөлөр ок аткан. Бир нече жолу атылган ок анын башына тийип, ооруканага жетпей көз жумган. Раатбек Санатбаев соңку мезгилде Олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуп иштеп келген.