Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

Түркиядагы жагдайдан улам анын айланасындагы өлкөлөр да куш ылаңын алдын алуу аракеттерин көрүүдө


Маселен Орусия чек арада Түркиядан жана ага коңшу өлкөлөрдөн келгендерди тешерүүнү күчөттү. Президент Владимир Путин бүгүн Кремлдеги жыйында өкмөткө канаттуунун сасык тумоосу илдетине каршы алдын алуу чараларын көрүүнү тапшырды:

-Биз албетте ушуга окшогон проблеманын бизде чыгышын алдын алуу үчүн колдон келгендин баарын жасоону азыртан ойлоно башташыбыз керек.

Путиндин айтымында, биринчи кезекте базарларда, чек арадан өткөрүү бекеттеринде санитардык көзөмөл иши күчөтүлүшү керек. Ал эми Түркияга коңшу Армения, Азербайжан, Грузиянын бийликтерин билдиргенине караганда, алар да бул илдеттин өзүндө жайлып кетишин алдын алуу үчүн шашылыш чараларды көрүүдө. Түркиядан тоок этин алып келүүгө аны менен чектешпеген Тажикстан да тыюу салды. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн башкы ветеринардык врачына шилтеме берип, "Итар- Тасс" агенттиги кабарлады.

XS
SM
MD
LG