Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Иран маселесин Бириккен Улуттарга өткөрүп берүү жараяны башталды


Европа Биримдигине кирген мамлекеттер Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселени Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин күн тартибине киргизүү менен байланыштуу иштерди баштады. Кечээ күнү Лондон шаарында ал тууралуу атайын жыйын да болуп өттү жана ага Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчө-мамлекети менен Алманиянын өкүлдөрү катышты. Аны менен катар Ирандын Маскөөдөгү элчиси Голамреза Ансаринин айтымында, уран байытуу иштерин Иран Орусиянын аймагында жүргүзүүгө өтө кызыкдар. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында болсо, Иранга каршы кандайдыр бир чектөө жарыялагандан көрө, маселени дипломатиялык ыкма менен чечкен жакшы. Ошондой эле пикирди Кытай да билдирди.

XS
SM
MD
LG