Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы кризис бүгүн Москвада талкууланат


Москвадагы сүйлөшүүлөр Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров менен француз тышкы иштер министри Филипп Дуста -Блазинин ортосунда өтөт. Мунун алдында Евробиримдиктин жетекчилигинин өкүлү Хавьер Солана Ирандын өзөктүк программасына байланышкан чатакты чечүүдө Орусиянын ролу маанилүү экенин белгиледи. Хавьер Солананын айтымында, Орусия Ирандын маселесин БУУнун Коопсуздук кеңешине берүүнү токтото турууну сунуш кылган. АКШ жана Евробиримдик Ирандын өзү менен анын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуунун мааниси жок деп эсептейт. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен кечээ Вашингтондо Хавьер Солана жолуккандан кийин айтылды. Кондолиза Райстын билдиргенине караганада, Вашингтон Коопсуздук кеңешин туруктуу мүчөлөрү болгон Орусия жана Кытай менен Иран боюнча сүйлөшүүлөрүн улантууда:

-Биз Ирандын аракеттерине терең тынчыздануусун билдирген Кытай жана Орусия менен консультацияларды улантабыз. Кризистен чыгуунун жолдорун издөө үчүн биз биргелешип иштейбиз.

Тегеран өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөрүн айтканы менен Батыш ал өзөктүк курал жасоого умтулууда деп шек санайт. Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Евробиримдик Ирандын маселесин БУУНун Коопсуздук кеңешине берүүнү караган резолюция даярдашында, саясий жүйөө бар деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG