БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Алманбет Матубраимов КМШ жана Евразиялык экономикалык шериктештик уюмунун алкагындагы интеграциялык кызматташтык маселелери боюнча Кыргызстандын мамлекет башчысынын атайын өкүлү болуп дайындалды. Буга чейин Алманбет Матубраимов Евразиялык экономикалык шериктештик уюмундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалып, ага вице-премьер-министрдин статусу ыйгарылган.