Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Жээнбековдун кызматтан алынышы боюнча пикирлер ар кыл


БИШКЕК. Жалалабат облусунун жетекчиси Жусупжан Жээнбековдун кызматтан алынышы коомчулукта, саясатчылардын арасында түрдүү пикирлерди пайда кылды. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин пикиринде, кандай болгон күндө бул жерде Жусуп Жээнбековдун март ыңкылабына кошкон салымы эске алынышы керек эле. Ошондуктан президент бул маселени башка жол менен чечсе туура болмок. Ал эми Ош облусунун мурдагы жетекчиси Анвар Артыков муну Акаев учурундагы кадрлардын кайра бийликке келип жатышы, бул орундар кимдир бирөөлөргө керек болуп жатканы менен байланыштырды. Ошол эле учурда адам укуктарын коргоо боюнча президент алдындагы комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун эл президенттин жардыгына баш ийиши керектигин айтып, балким мындай аракет түндүк менен түштүктүн кадрларын бири-бири менен алмаштыруу максатында жасалып жаткандыр деген пикирин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG