Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Таш көмүр шаарында цемент жана минералдык жер семирткичерин чыгаруучу завод курулат


ЖАЛАЛАБАТ. Кытайлык ишкерлер менен Ташкөмүрдө минералдык жер семирткич чыгаруучу заводду куруу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрдү. Алар өнөр-жай ишканасы түшүүчү 30 гектар жердин шартын көрүп чыгышты. Мындай маалымат 21-январда шаардын мэри Шамшарбек Чойбековдон алынды. Өткөн күндөрү Кытайдын Хуадали деген фирмасы менен көмүрчүлөрдүн шаарында жылына 100 миң тонна цемент заводун тургузуу жөнүндө да макулдашуулар болгон. Бул Күлбото заводу бүтсө, курулушу башталаар Камбарата биринчи жана экинчи ГЭСтерине цементти ташуунун чыгымы Кызылкыя шаарынан тартып келгенге караганда бир топ азаят. 2250 адам жумуш менен камсыз болот. Кыргыз-орус-германиялык биргелешкен ишкана техникалык кремний жана кварц талкандарын иштеп чыгаруу жолдорун изилдөөдө. Аталган баалуу эки каражат текшерүү үчүн майда өлчөмдө Украина менен Германия мамлекеттерине жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG